Республикада көмүрдүн баасы дээрлик 20 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 29.10.2021


Көмүрдүн орточо керектөө баалары республика боюнча 2021-жылдын 28- октябрына карата өткөн жылдын октябрына салыштырмалу орточо эсеп менен алганда бир тонна  үчүн  5 306,7 сомго же 19,7 пайызга жогорулады.
Көмүргө эң жогорку баа Ноокат (бир тонна үчүн – 9 794,9 сом), Баткен (бир тонна  үчүн – 9 524,4 сом) жана Исфана (бир тонна үчүн – 8 642,9 сом) шаарларында катталды.
Муну менен бирге минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн -  3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом) жана Нарын шаарында (бир тонна үчүн – 4 200 сом) болгону байкалды.
Көмүргө карата баалар өткөн жылдын октябрь айына  салыштырмалуу Кербен - тоннасы 4 076,4 сомго же  2 эседен ашык, Баткен тоннасы 2 886,3 сомго же 43,5 пайызга жана Жалал-Абад шаарларында - тоннасы 1 875,9 сомго же 39,4 пайызга бир кыйла  өсүшү белгиленди.
                      Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында   көмүрдүн  орточо керектөөчү баалар
                                                                                    (бир тонна, сом)

 

 

2020-октябрь

 

2021жылдын
21-октябрында

 

2021жылдын
28-октябрында

Четтөө:
Өсүү (+), төмөндөө (-)
(2021 октябрдын
4 жумасы 2020-октябрына)

Кыргыз Республикасы

4 434,4

5 266,5

5 306,7

872,3

 Каракол ш.

5 312,5

6 373,9

6 448,8

1 136,4

 Балыкчы ш.

3 694,6

4 000,0

4 000,0

305,4

 Кербен ш.

3 346,6

6 998,5

7 423,1

4 076,4

 Токтогул ш.

-

5 947,1

5 947,1

-

 Жалал- Абад ш.

4 762,2

6 638,1

6 638,1

 1 875,9

 Чаек а., Жумгал району

2 500,0

3 000,0

3 000,0

500,0

 Нарын ш.

3 500,0

4 200,0

4 200,0

700,0

 Исфана ш.

7 293,8

8 485,3

8 642,9

1 349,1

 Баткен ш.

6 638,1

8 937,8

9 524,4

2 886,3

 Кара-Суу ш.

5 500,0

7 000,0

6 500,0

 1000,0

 Ноокат ш.

-

9 486,8

9 794,9

-

 Өзген ш.

4 457,2

5 738,8

6 246,7

1 789,5

 Покровка а., Манас району

-

5 500,0

5 800,0

-

 Талас ш.

5 500,0

5 718,3

5 917,6

417,6

 Кара-Балта ш.

4 000,0

4 500,0

4 500,0

500,0

 Токмок ш.

3 949,7

4 500,0

4 598,9

649,2

 Бишкек ш.

4 012,7

4 558,5

4 558,5

545,8

 Ош ш.

5 630,2

6 763,5

6 798,0

1 167,8

 

Көмүргө (импорттук жана жергиликтүү көмүр) карата орточо керектөө бааларынын талдоосу республиканын 18 калк жашоочу пункттарында чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде жүргүзүлдү.
_______________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg;  |тел. + 996 (312)  625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.10.2021, 13:16