Республикада санариптик технологияларды колдонууда, билим берүү чөйрөсү алдыңкы орунда

Басылмалардын датасы: 04.11.2021


Улутстатком 2020-жылы чарба жүргүзүүчү субъектилерге жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгы боюнча 11,5 миң ишкана, же 60 пайыздан ашыгы маалыматтык-коммуникациялык технологияларды (МКТ) практикалык ишмердигинде колдонушту.
МКТны колдонгон ишканалардын жана уюмдардын басымдуу үлүшү билим берүү чөйрөсүнүн уюмдарына – 30 пайызы, мамлекеттик башкаруу жана коргонуу, милдеттүү социалдык камсыздоо уюмдарына – 12, дүң жана чекене соода, автомобиль жана мотоциклдерди оңдоого – 9 пайызы туура келет.

2020-жылы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча маалыматтык
коммуникациялык технологияларды пайдаланган ишканалар жана

2020-жылы жеке компьютерлердин 76 миңден ашыгы, же бар болгон жалпы санынын 34 пайызы, ошондой эле оргтехниканын (сканерлердин, планшеттердин, принтерлердин) 21 миңден ашыгы же 25,5 пайызы билим берүү чөйрөсүндөгү ишмердигин жүргүзүүчү  чарбалык субъекттерге туура келди.

Ишканаларда  жана  уюмдарда болгон жеке компьютерлер
жана иш техника каражаттары

 

2016

2017

2018

2019

2020

 

Бирдик

Жеке компьютерлербардыгы

178 167

190 300

203 315

221 548

222 589

анын ичинен

 

 

 

 

 

Билим  берүү чөйрөсүндөгү  уюмдар

60 583

63 109

68 623

73 054

76 373

 

Иш техника каражаттары- бардыгы

66 316

72 052

76 080

80 605

82 609

анын ичинен

 

 

 

 

 

Билим  берүү чөйрөсүндөгү уюмдар

15 814

18 583

19 561

20 078

21 096

 

2016

2017

2018

2019

2020

 

Жыйынтыкка карата

Жеке компьютерлер – бардыгы

100

100

100

100

100

анын ичинен

 

 

 

 

 

Билим  берүү чөйрөсүндөгү  уюмдар

34,0

33,2

33,8

33,0

34,3

Иш  техника каражаттары - бардыгы

100

100

100

100

100

анын ичинен

 

 

 

 

 

Билим  берүү чөйрөсүндөгү уюмдар

23,8

25,8

25,7

24,9

25,5

2020-жылы маалыматтык-коммуникациялык технологиялар  чөйрөсүндөгү   18 миң адис ишке орношсо, анын 4 миңден ашыгы же 23 пайызы билим берүү  чөйрөсүндөгү  уюмдарында ишмердигин жүргүзүштү. Республика боюнча мындай адистердин эң көп үлүшү Бишкек шаарында (жалпы сандын 41 пайызы) болсо, ушул эле учурда Нарын облусунда 2 пайызга жакынын түздү.
_______________________________
Соода статистикасы , МКТ жана туризм башкармалыгы|e-mail:ltekeeva@stat.kg |тел. + 996 (312) 324650, 664166

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 04.11.2021, 10:34