Республика боюнча куюп сатылуучу сүттүн баасынын өсүшү байкалды. Күн сайын жүргүзүлүүчү мониторингдин негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча талдоо жүргүзүлдү

Басылмалардын датасы: 28.11.2019


Чекене баалардын күн сайын жүргүзүлүүчү маалыматтарынын негизинде республиканын 18 калк жашоочу пункттары боюнча 2019-жылдын 26-ноябрына карата куюп сатылуучу сүттүн орточо керектөө бааларына талдоо жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

Ошентип, октябрь айында  куюп сатылуучу сүттүн орточо чекене баасы 2019-жылдын сентябрь айындагы баасы менен салыштырмалуу  литры 0,12 сомго же 0,4 пайызга жогорулады. Басымдуу турдө сүт Талас шаарында литры – 5,62 сомго же 19,9 пайызга жана Ош шаарында  литры – 1,94 сомго же 5,6 пайызга кымбаттады.

2019-жылдын 26-ноябрына  карата сүттүн чекене баалары  үстүбүздөгү жылдын октябрь айы  менен салыштырмалуу 3,38 сомго же 10,1 пайызга кымбаттады. 26 ноябрга карата эң жогорку баалар Джалал-Абадта, Баткенде, Өзгөндө жана Ош шаарларында белгиленди, ушул келтирилген шаарларда сүттүн баасы литрге 40 сом түздү.

 Ушул эле учурда минималдуу баалар Кара-Суу шаарында (бир литр – 25 сом) жана Покровка айылында (бир литр – 20 сом) болгону байкалды.

26 ноябрга карата үстүбүздөгү жылдын октябрь айына салыштырмалуу пастеризацияланбаган куюп сатылуучу сүттүн баалары Өзгөндө – 33,3 пайызга, Джалал-Абадта – 25,8 пайызга, Балыкчыда – 19,1 пайызга жана Токмокто – 17,8 пайызга эң көп жогорулаганы белгиленди. Баанын өсүшүнүн негизги себеби ал аба ырайынын бузулушуна жараша болду.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында куюп сатылуучу сүттүн

орточо керектөөчү баалары

                               (бир литр, сом)

 

 

2019-ж.

сентябрь

 

2019-ж.

октябрь

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү

(-)

 

 

2019

октябрь

 

2019-ж.

 26- ноябрына

 

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

  Кыргыз Республикасы

33,35  

       33,47  

0,12

       33,47  

36,85

3,38

  Каракол ш.

       27,23  

       28,53  

1,30

       28,53  

30,00

1,47

  Балыкчы ш.

       25,00  

       25,20  

0,20

       25,20  

30,00

4,80

  Кербен ш.

       30,00  

       30,00  

0,00

       30,00  

32,40

2,40

  Токтогул ш.

       30,00  

       26,82  

-3,18

       26,82  

30,00

3,18

  Жалал- Абад ш.

       34,49  

       31,79  

-2,70

       31,79  

40,00

8,21

  Чаек айылы

       25,00  

       25,60  

0,60

       25,60  

30,00

4,40

  Нарын ш.

30,00

       30,00  

0,00

       30,00  

30,00

0,00

  Исфана ш.

30,00

       30,00  

0,00

       30,00  

30,00

0,00

  Баткен ш.

       40,34  

       40,00  

-0,34

       40,00  

40,00

0,00

  Кара-Суу ш.

       30,00  

       26,22  

-3,78

       26,22  

25,00

1,22

  Ноокат ш.

       30,00  

       30,00  

0,00

       30,00  

30,00

0,00

  Өзгөн ш.

       30,00  

       30,00  

0,00

       30,00  

40,00

10,00

  Покровка айылы

        20,00  

       20,00  

0,00

       20,00  

20,00

0,00

  Талас ш.

       28,23  

       33,85  

5,62

       33,85  

35,00

1,15

  Кара-Балта ш.

       32,40  

       32,95  

0,55

       32,95  

35,00

2,05

  Токмок ш.

       25,00  

       25,47  

0,47

       25,47  

30,00

4,53

  Бишкек ш.

       35,00  

       35,00  

0,00

       35,00  

38,26

3,26

  Ош ш.

       35,01  

       36,95  

1,94

       36,95  

40,00

3,05

______________________________________________________________________________________________________

 Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө "Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 28.11.2019, 09:20