Республикада экономикалык өсүү тенденциясы белгиленди

Басылмалардын датасы: 10.10.2018


2018-жылдын январ-сентябрында, алдын ала баалоолор боюнча, ички дүң продуктунун көлөмү 368 миллиард сомду түзүп, мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырганда 1,2 пайызга өстү.

“Кумтөр” кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ички дүң продукттун көлөмү 336  миллиард сомду түзүп, 2,4 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2018-жылдын январ-сентябрында 168 миллиард сомду түзүп, мурунку жылга салыштырмалуу 4,7 пайызга төмөндөдү. Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн төмөндөшү металл рудаларынын (65,9 пайызга) жана баалуу металлдардын (8,9 пайызга) көлөмдөрүнүн төмөндөшү менен шартталды. Ушуну менен бир катарда, кийим, текстил өндүрүшүндө, мунайзат, резиналык жана пластмассалык жасалгаларды жана курулуш материалдарын өндүрүүдө өсүү камсыздалган.

Айыл чарбасында реалдуу өсүү 2,4 пайызды, курулушта өсүү 7,2 пайызды, ошондой эле дүң жана чекене соодада өсүү 5,6 пайызды түзүп, оң тенденциялар байкалган.

2018-жылдын январ-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпысынан республика боюнча керектөө бааларынын 1,1 пайызга төмөндөөсү (дефляция) байкалган. 2017-жылдын январ-сентябрында керектөө секторунда инфляциянын деңгээли 1,2 пайызды түзгөн эле.

Жыл башынан бери керектөө товарларына жана кызматтарына баалар республиканын бардык региондорунда төмөндөөсү байкалган, ошол эле мезгилде баалар Нарын облусунда 1,4 пайызга жана Ош облусунда 0,3 пайызга жогорулаган.

2018-жылдын январ-августунда, тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү 4,3 миллиард АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5 пайызга жогорулаган. Мунун ичинде экспорттук операциялар  4,9 пайызга төмөндөгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр 15,0 пайызга өскөн.

2018-жылдын январ-августунда ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара сооданын көлөмү 1,5 миллиард АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,5 пайызга төмөндөгөн. Мунун ичинде, экспорт – 5,2 пайызга өскөн, ал эми импорт – 6,2 пайызга төмөндөгөн.

ЕАЭБ мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодада эң көп үлүш Россияга  (66,5 пайызы) жана Казакстанга (31,8 пайызы) туура келген.

Презентациялар:


Акыркы жаңылоо: 10.10.2018, 11:28