Акыркы жылдары республикада никеге чейинки курактагы кыздар арасында төрөттүн төмөндөшү байкалууда

Басылмалардын датасы: 23.11.2021


Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда көп. 2020-жылы ар бир 100 аялга 99 эркек туура келген. Бул эркектердин өлүмүнүн жогорку деңгээлине байланыштуу, бул аялдардын аналогикалык көрсөткүчүнөн 1,3 эсе жогору.

2020-жылы төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгы аялдар үчүн 76 жыл, жана эркектер үчүн 68 жылды түздү. Демек, дагы эле төрөлгөндөгү жашоонун күтүлгөн узактыгынын  гендердик айырмачылыгы 8 жылды тузөт. Аялдардын 90 пайызга жакыны пенсияга чыгуу курагына чейин жашашы ыктымал, эркектердин 70 пайыздан ашыгы. Азыркы 60 жаштагы аялдар дагы 21 жыл, эркектер 15 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ болушат.

2020-жылы 81 154 эркек бала төрөлдү, бул кыздарга караганда (76 958)  дээрлик 5,5 пайызга көп. Республикада жыл сайын 100 кызга 105-106 эркек бала төрөлөт

Акыркы жылдары никеге чейинки курактагы (15-17 жаштагы) кыздар арасында төрөттүн 2016-жылы ушул курактагы аялдардын 1000ине 6,4 баладан, 2020-жылы 4,3 балага чейин, же дээрлик 1,5 эсеге төмөндөшү байкалган.

Никеге чейинки жаш курактагы кыздардын төрөтүнүн эң жогорку көрсөткүчү Талас жана Чүй облустарында байкалды, бул 2020-жылы республикалык көрсөткүчтөн 1,3 - 2,2 эсеге жогору жана 15-17 жаш курактагы кыздардын 1000ине 5,6 жана 9,5 жаңы төрөлгөн бала туура келди.

Республика боюнча бала төрөлгөндө эненин орточо жашы орто эсеп менен 28,1 жашты түздү.

________________________________________________________

Демографиялык статистика бөлүмү  e-mail: gabdullaeva@stat.kg. тел.+996(312) 325546.

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү  метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 23.11.2021, 10:51