Республикада нандын чекене баалары жылына орто эсеп менен дээрлик 10 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 25.11.2021


Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн, негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары, 2021-жылдын 24 ноябрына карата абалы боюнча нанга болгон баалар республика боюнча орточо эсеп менен 52,76 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу 9,9 пайызга жогорулаганын көрсөттү, ал эми жапма нан 1 кг 76,38 сомду түзүп, 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,1 пайызга өстү.

Ошол эле учурда, нандын максималдуу чекене баалары Ноокат (бир кг үчүн 69,57 сом), Токтогул (бир кг үчүн 70,07 сом), Кара-Суу (бир кг үчүн 75,63 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 41,73 сом), Токмок (бир кг үчүн 45,66 сом) жана Кара-Балта (бир кг үчүн 49,42 сом) шаарларында катталды.

Жапма нандын чекене баасы орточо республикалык деңгээлден жогору болуп Өзгөн (бир кг үчүн 93,28 сом), Балыкчы (бир кг үчүн 93,67 сом) жана Кербен (бир кг үчүн 107,17 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми минималдуу баалар Каракол (бир кг үчүн 47,47 сом), Нарын (бир кг үчүн 62,90 сом) жана Токмок (бир кг үчүн 65,51 сом) шаарларында байкалды.

Өткөн жылдын ушул датасына салыштырмалуу нанга болгон баанын эң көп өсүшү Талас - 28,6 пайызга, Токтогул - 25,0 пайызга жана Кара-Балта шаарларында - 15,0 пайызга кымбаттаган, ал эми лепешкага Токтогул  39,1 пайызга, Өзгөн - 21,3 пайызга жана Бишкек шаарларында - 21,1 пайызга катталды.

24-ноябрга карата айрым калктуу конуштарында нанга жана жапма нанга болгон орточо керектөө баалары

               (бир килограмм, сом)

 

нан

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

жапма нан

Четтөө:

өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

48,02

52,76

4,74

64,66

76,38

11,73

Каракол ш.

38,88

41,73

2,84

39,92

47,47

7,55

Балыкчы ш.

50,11

55,12

5,01

82,38

93,67

11,30

Кербен ш.

47,55

51,62

4,07

100,03

107,17

7,14

Токтогул ш.

56,06

70,07

14,01

59,01

82,09

23,08

Джалал- Абад ш.

58,28

61,28

3,00

65,51

68,12

2,61

Чаек айылы, Жумгал району

48,35

54,95

6,59

70,97

80,65

9,68

Нарын ш.

60,61

67,33

6,72

55,59

62,90

7,30

Исфана ш.

59,88

66,67

6,79

68,97

83,33

14,37

Баткен ш.

53,34

53,34

0,00

57,67

68,99

11,33

Кара-Суу ш.

82,22

75,63

-6,59

64,04

72,80

8,77

Ноокат ш.

58,59

69,57

10,98

89,68

90,16

0,48

Өзгөн ш.

57,87

60,70

2,82

76,89

93,28

16,39

Покровка айылы, Манас району

55,29

60,32

5,03

63,93

70,32

6,39

Талас ш.

44,75

57,57

12,81

72,60

81,89

9,29

Кара-Балта ш.

42,96

49,42

6,46

65,71

77,68

11,98

Токмок ш.

42,07

45,66

3,59

65,51

65,51

0,00

Бишкек ш.

45,93

51,48

5,55

62,95

76,24

13,29

Ош ш.

49,69

50,17

0,48

73,82

85,67

11,85

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
   
_______________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү  |e-mail: ceny@stat.kg; |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.11.2021, 17:25