Республикада эттин чекене баалары бир жылдын ичинде 22 пайызга жогорулады

Басылмалардын датасы: 28.10.2021


   Улутстатком тарабынан республиканын 18 калктуу конушу боюнча жүргүзүлгөн негизги социалдык маанилүү продуктулардын орточо керектөө бааларынын ар күндүк мониторингинин жыйынтыктары көрсөткөндөй, үстүбүздөгү жылдын 27-октябрга карата эттин чекене баасы өткөн жылга салыштырмалуу орточо 22 пайызга жогорулаган.
Республика боюнча уйдун этине болгон баалар республика боюнча 1 кг үчүн орточо 478,1 сомду түзгөнүн жана өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 77,9 сомго же дээрлик 20 пайызга өскөнүн, ал эми койдун этинин баасы, тиешелүүлүгүнө жараша, 484,7 сомду түзгөнүн же  2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 25 пайызга өскөнүн көрсөттү.
   Муну менен бирге, уйдун этине максималдуу чекене баалар Ош, Кара-Суу (бир кг үчүн 500 сом), жана Бишкек (бир кг үчүн 481,3 сом) шаарларында түзүлдү, ал эми аларга карата минималдуу баалар Токтогул шаарында (бир кг үчүн 410 сом), Покровка айылында (бир кг үчүн 440 сом) жана Каракол шаарында (бир кг үчүн 447,5 сом)  катталды.
   Койдун этинин чекене баалары Кара-Суу (бир кг үчүн 550 сом), Ош (бир кг үчүн 525 сом) Жалал-Абад, Кербен, Исфана, Баткен, Ноокат жана Өзгөн (бир кг үчүн 500 сом) шаарларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашты, ал эми ага карата минималдуу баалар Покровка айылында (бир кг үчүн 430 сом), ошондой эле Каракол, Токтогул шаарларында жана Чаек айылында (бир кг үчүн 450 сом) байкалды.
   Өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу  уйдун этине болгон баалардын олуттуу жогорулашы 26,3 пайызга Каракол жана  Нарын шаарларында катталды.  Койдун этине баалардын олуттуу өсүшү  Кербен (31,6 пайызга), Токмок (29,7 пайызга) шаарларында жана Чаек айылында (28,6 пайызга) катталды.

  27-октябрына карата Кыргыз Республикасы боюнча этке карата орточо керектөө баалары 
 (бир кг, сом)

 

Уйдун эти

Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү
(-)

Койдун эти

Четтөө:
өсүүсү (+), төмөндөөсү (-)

2020

2021

2020

2021

Кыргыз Республикасы

400,2

478,1

77,9

387,9

484,7

96,8

Каракол ш.

362,5

447,5

85,0

340,0

450,0

110,0

Балыкчы ш.

380,0

460,0

80,0

380,0

460,0

80,0

Кербен ш.

380,0

480,0

100,0

380,0

500,0

120,0

Токтогул ш.

375,0

410,0

35,0

370,0

450,0

80,0

Жалал-Абад ш.

428,6

480,0

51,4

427,1

500,0

72,9

Чаек а., Жумгал району

360,0

450,0

90,0

350,0

450,0

100,0

Нарын ш.

380,0

480,0

100,0

380,0

480,0

100,0

Исфана ш.

365,0

450,0

85,0

400,0

500,0

100,0

Баткен ш.

383,3

480,0

96,7

395,0

500,0

105,0

Кара-Суу ш.

420,0

500,0

80,0

430,0

550,0

120,0

Ноокат ш.

380,0

450,0

70,0

400,0

500,0

100,0

Өзген ш.

390,0

480,0

90,0

400,0

500,0

100,0

Покровка а., Манас району

350,0

440,0

90,0

350,0

430,0

80,0

Талас ш.

401,9

451,4

49,5

376,0

480,0

104,0

Кара-Балта

373,2

466,6

93,4

373,2

466,6

93,4

Токмок ш.

380,0

460,0

80,0

370,0

480,0

110,0

Бишкек ш.

405,1

481,3

76,2

383,8

477,8

93,9

Ош ш.

420,0

500,0

80,0

424,9

525,0

100,1

______________________________
Баалар статистикасы бөлүмү |e-mail: ceny@stat.kg;|тел. + 996 (312)  625825; 324705
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).
 


Акыркы жаңылоо: 28.10.2021, 14:38