Республикада экономикалык өсүүнүн оң тенденциясы сакталууда

Басылмалардын датасы: 11.08.2022


Үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ички дүң продукт алдына ала баалоо боюнча 425 миллиард сомду түздү жана 2021-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 7,7 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-июль айларында ИДПнын көлөмү 393 миллиард сомдон ашык түздү жана 4,7 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                          

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2022-жылдын январь-июль  айларында 227 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 17,8 пайызга жогорулады, буга себеп негизги металлдар жана даяр металл буюмдарынын, унааларды жана жабдууларды кошпогондо (45,6 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердүүлүктүн (27,5 пайызга), мунай заттардын (14,6 пайызга), тамак-аш продуктулары (суусундуктар менен) жана тамеки заттарынын (12,9 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуунун (8,1 пайызга)  өсүшү таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш, айыл чарба жана дүң жана чекене соода тармактарында оң тенденциялар байкалды, алардын көлөмү курулушта - 3,6 пайызга, айыл чарбасында - 8,4 пайызга, дүң жана чекене соодада – 7,0 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 9,6 пайызды түздү. Муну менен бирге алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалар 12,9 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баа 12,6 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга баалар 5,6 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 4,9 пайызга өстү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июлунда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык аймактарында белгиленди. Муну менен бирге баалардын (14,4 пайызга) максималдуу өсүшү Нарын облусунда белгиленди. Буга себеп, башка аймактарга салыштырмалуу алкоголдук суусундуктар жана тамеки заттарга болгон баалардын өсүшү (27,1 пайызга) болду.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-июнь айларында 5,0 млрд.дан ашык АКШ долларды түздү жана 2021-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 25,4 пайызга көбөйдү, муну менен бирге экспорттук жөнөтүүлөр 40,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескеринче 1,7 эсе жогорулады.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2022-жылдын январь-июнунда 2,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-июнуна салыштырганда 34,0 пайызга өстү. Муну менен бирге  экспорттук жөнөтүүлөр 1,7 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 23,0 пайызга жогоруланган. 

Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү ушул жылдын январь-июнь айларында Орусияга (70,0 пайызга) жана Казакстанга (27,9 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт

Экспорт

___________________________________________________

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).


Акыркы жаңылоо: 11.08.2022, 11:15