Республикада айыл чарба өсүмдүктөрүн оруп-жыйноо иштери аяктоодо (23-октябрына карата маалыматтар)

Басылмалардын датасы: 16.11.2020


Ү.ж. 23-октябрына карата абалы боюнча дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз) жалпы республика боюнча 568,9 миң гектар аянттан жыйналды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,7 пайызга көп, бастырылган эгиндер  (алгачкы кабыл алынган салмакта) 1 901,0 миң тонна, же 4,8 пайызга көп.

2020-жылдын 23-октябрына карата абалы боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүнүн жыйналышы

 

Иш жүзүндө

Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө  карата

 

2019

2020

+, -

пайыз менен

Жыйналган дан өсүмдүктөрү (дан буурчак өсүмдүктөрү, күрүч жана гречкасыз), миң га

548,6

568,9

20,3

103,7

Бастырылгандан - бардыгы (алгачкы кабыл алынган салмакта) (дан буурчак өсүмдүктөрү күрүч жана гречкасыз), миң т

1 813,6

1 901,0

87,4

104,8

1 гектардан, ц

33,1

33,4

0,3

100,9

бастырылган буудай (алгачкы кабылалынган салмакта), миң т

636,6

666,7

30,2

104,7

бастырылганарпа (алгачкы кабылалынган салмакта), миң т

494,5

542,0

47,5

109,6

Бастырылгандан буурчак өсүмдүктөрү (алгачкы кабылалынган салмакта), миң т

113,7

112,8

-0,9

99,2

Бастырылган май алынуучу өсүмдүктөрү миң т

31,9

24,5

-7,4

76,8

Казылган кант кызылчасы (фабрикалык), миң т

547,4

336,1

-211,3

61,4

Жыйналган тамеки (физикалык салмакта) миң т

0,91

0,98

-0,07

106,8

Жыйналган пахта-чийки зат (физикалык салмакта)      миң т

77,3

71,0

-6,3

91,8

Казылган картошка аянты, миң т га

79,2

76,3

-2,9

96,3

Жыйналган картошка, миң т

1 354,6

1 311,0

-43,5

96,8

1 гектардан, ц

171,0

171,8

0,8

100,5

Жыйналган жашылчалар, миң т

1 056,8

1 044,1

-12,7

98,8

Жыйналган бакча өсүмдүктөрү миң т

241,0

257,7

16,8

107,0

Жыйналган мөмө -жемиш өсүмдүктөрү миң т

260,3

272,6

12,3

104,7

Буудайдын түшүмүн жыйноо аяктады, анын дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4,7 пайызга өстү. Ошол эле учурда, Талас облусунун чарбаларында орточо республикалык көрсөткүчтөн ашып түштү, ал 26,3 пайызга, Нарын - 25,9 пайызга, Чүй - 5,6 пайызга жана Ысык-Көл облусу - 5,4 пайызга көп жыйналды.

Жалпысынан, республикада арпанын дүң жыйымы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,6 пайызга, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында - 28,6 пайызга, Баткенде - 13,8 пайызга, Жалал-Абадда - 12, 7 пайызга жана Чүй облусунун - 11,0 пайызга өстү.

Бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы республика боюнча жалпысынан 7,0 пайызга, анын ичинде Чүй облусунун чарбаларында - 14,2 пайызга жана Талас облусунун чарбаларында - 4,7 пайызга өстү.

Мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн өндүрүүсү жалпысынан республика боюнча 4,7 пайызга өстү. Орточо республикалык көрсөткүч Ысык-Көл облусунун чарбаларында - 18,7 пайызга, Талас облусунда - 15,7 пайызга жана Баткен облусунун чарбаларында - 4,9 пайызга өстү .

Муну менен катар, ушул жылдын 23-октябрына карата картошка өндүрүү. Өткөн жылдын тийиштүү күнүнө карата 3,2 пайызга азайган, анын ичинде Баткен облусунун чарбаларында - 5,8 пайызга, Ысык-Көлдө - 4,9 пайызга, Таласта - 4,7 пайызга жана Жалал-Абад облусунун - 4,4 пайызга азайган.

Жашылчаларды өндүрүү республика боюнча жалпысынан 1,2 пайызга азайган, анын ичинде Талас облусунун чарбаларында - 6,6 пайызга, Нарын - 3,1 пайызга, Ош - 2,6 пайызга жана Чүй облусуда - 1,1 пайызга азайган.

 

___________________________________________________________________________________________________

Айыл чарба статистикасы бөлүмү     | e-mail: gmursabekova@stat.kg; | тел. + 996 (312) 66 40 43

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 16.11.2020, 13:38