Ушул жылдын сентябрында “Кумтөр” ишканасын кошпогондо экономиканын өсүү темпи азыраак жогорулаганы катталды

Басылмалардын датасы: 11.10.2019


Алдын ала баалоо боюнча 2019-жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукт 398 млрд. сомду түзүп, 2018-жылдын ушул айларына салыштырмалуу 6,1 пайызга көбөйдү.

“Кумтөр” кенин иштеткен ишканаларды эсепке албаганда 2019-жылдын январь-сентябрында ИДП көлөмү 356 млрд. сомду түзүп, 3,2 пайызга өскөн.

 

Ички дүң продукт
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине пайыз менен)

                                       

 

Өнөр жай продукциясы 2018-жылдын январь-сентябрына караганда 16,5 пайызга көбөйүп, негизги металлдардын (39,2 пайызга), текстиль өнөр жайында (30,1 пайызга), металл рудаларын казууда (26,7 пайызга), ошондой эле чийки нефтинин жана табигый газдын эсебинен (14,1 пайызга) көбөйүп, 196 млрд. сомду түздү.

 

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине пайыз менен)  

 

Оң тенденциялар айыл чарбасында байкалып, анда көлөмдүн өсүшү 1,8 пайызды, курулушта 9,0 пайызды, дүң жана чекене соодада 4,6 пайызды түздү.

Ушул жылдын башында (мурдагы жылдын декабрына салыштырганда) республикада керектөө баалары жана тарифтер жалпысынан 0,6 пайызга жогорулап, натыйжада тамак-ашка, алкоголсуз суусундуктарга жана тейлөө кызматынын баасынын көтөрүлүшүн шарттаган.

Ушул жылдын январь-сентябрь айларында (өткөн жылга салыштырганда) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпы республика боюнча байкалган, буга Талас облусу жана Ош шаары кирбейт. Бул аймактарда керектөө баалары жана тарифтер 0,2 пайызга жана 0,7 пайызга төмөн болгон. Ошол эле учурда  баалардын бир топ жогору болушу Ысык-Көл облусунда (2,5 пайыз) катталган, башкаларга салыштырганда бул аймакта алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баа (4,6 пайыз), жана тамак-аштан тышкары товарларга (1,1 пайыз) жогору болгон. Тамак-ашка жана алкоголсуз суусундуктарга болгон эң жогорку баа (4,7 пайыз) Баткен облусунда, тарифтер жана тейлөө кызматынын баасынын жогору болушу (2,8 пайыз) Нарын облусунда катталган.

Кыргыз Республикасынын сырткы соода айлануусу 2019-жылдын январь-августундагы алдын ала маалыматтарга караганда 4,4 млрд. АКШ долларын түзгөн. 2018-жылдын январь-сентябрына салыштырганда 4,6 пайызга төмөндөп, ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 10,8 пайызга жогорулап, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче, 9,2 пайызга кыскарган.

Республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөрү менен өз ара соода-сатыгынын көлөмү 2019-жылдын январь-августунда 1,7 млрд. АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 5,0 пайызга төмөндөгөн. Ошол эле учурда экспорттук жөнөтүүлөр 8,0 пайызга, импорттук түшүүлөр 4,1 пайызга кыскарганы байкалган. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен республика эң көп соода-сатык жүргүзгөн өлкө Россия (60,8 пайыз) жана Казакстан (36,9 пайыз) болгон.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соода-сатыгы
(мурдагы жылдын тиешелүү мезгилине пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Мындан тышкары басма сөз жыйынынын катышуучуларына “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санарип трансформациясынын концепциясын ишке ашыруунун “Жол картасын” аткаруунун жүрүшү боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичиндеги республиканын өнөр жайынын абалы, ошондой эле калктын социалдык-демографиялык тобу үчүн жашоо минимуму тууралуу маалыматтар берилди.

****

Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы өлкөнүн маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы катары, рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет. Мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту өлкөнүн социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы тууралуу зарыл болгон маалыматтар менен камсыздайт.

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында, илимий иштерде, маалымат тармактарында, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчү жабдыктарда таратууда колдонуучулар анын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (Мамлекеттик статистика жөнүндөгү мыйзамдын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 11.10.2019, 12:18