Каржылоонун жоктугунан 2016-жылдын II жарым жылдыгында калктын ишеним индексин изилдөө жүргүзүлгөн жок

Басылмалардын датасы: 25.01.2017


Улуттук статистика комитети колдонуучуларды калктын ишеним индексин сурамжылоо 2016-жылдын II жарымында каржылоонун жоктугунан жүргүзүлбөгөнүн билдирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 17 июнундагы №329 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Бишкек, Ош шаарларынын мэрияларынын жана алардын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ишин баалоо жөнүндө» токтомунун 5-пунктунда Улутстаткомго келе жаткан жылда Статистикалык жумуштардын программасына, отчеттук жарым жылдыктарды кошуп, калктын ишеним деңгээлин изилдөө сунушталган.

Бирок, 2015- жылдын 30 октябырында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №708-чи токтому менен 2016-жылга бекитилген Статистикалык жумуштардын программасында калктын ишеним деңгээлин сурамжылоо каралган эмес.

Улутстаткомдун бир нече ирет кайрылуусуна карабастан Улутстаткомдун «Калктын ишеним индекси» иликтөөсүнүн эки раундун жүргүзүү үчүн керектүү финансылык каражаттар берилген эмес. 2016-жылы Улутстаткомдун бюджетин 2,6 млн. сомдон ашык секвестирлөө, бул иликтөөнү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүнө бир далай кыйынчылык түздү.

Ал эми, 2016-жылдын I жарым жылдыгындагы жүргүзүлгөн иликтөөнүн натыйжасынын маалыматтары Улутстаткомдун расмий сайтында www.stat.kg=>Статистика=>Калктын ишеним индекси адресинде жайгаштырылган.

 

 

 

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

статистикасы башкармалыгы           |   e-mail:korozbaeva@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324691

 Үй чарба статистикасы бөлүмү       |   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655


Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 25.01.2017, 15:39