Таласта Эл жана турак-жай фондун каттоого даярдык көрүүнүн жүрүшү талкууланды

Басылмалардын датасы: 25.01.2022


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети Республикада эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүүгө даярдык көрүү максатында Талас облусунда Улутстаткомдун төрагасынын орун басарынын Зайнидин Жумалиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбеков жана каттоого даярдык көрүү боюнча штабдын жетекчисинин, ошондой эле райондордун акимдери, Талас шаарынын мэри жана аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда көчмө кеңешмелерди уюштурду.

Жыйындын катышуучулары аймакта эл каттоого даярдык көрүү боюнча жасалган иштер жөнүндө айтып беришти, ошондой эле каттоочулардын коопсуздугун камсыздоо, аларды керектүү ресурстар, материалдар жана иштерди аткаруу үчүн шарттарды камсыз кылуу боюнча бир катар маселелерди көтөрүштү.

       

       

       

       

       

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 25.01.2022, 16:27