2021-жылдын январь-февралында өлкөнүн экономикасы 9 пайызга жакын төмөндөдү

Басылмалардын датасы: 11.03.2021


Бүгүн, 2021-жылдын 11-мартында, Улутстакомдо 2021-жылдын январь-февраль айларына карата республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат-жыйын болуп өттү.

2021-жылдын январь-февраль айларында ички дүң продукт, алдын ала баалоо боюнча,  71 миллиард сомдон ашып,  2020-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,9 пайызга төмөндөдү.

 «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, 2021-жылдын январь-февралында айларында ИДПнын көлөмү 64 миллиард сомдон ашып, 5,3 пайызга азайды.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Өнөр жай продукциясынын көлөмү 2021-жылдын январь-февралында 45 миллиард сомду туздү жана өткөн жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13 пайызга төмөндөдү, буга темир жана темирден жазалган буюмдардын кыскарышы себеп болду (35,6 пайызга), буга машина менен жабдуулар кирбейт. Мындан тышкары  текстиль өнөр-жайы, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жанан булгаарыдан жасалган буюмдары (16,6 пайызга), ошондой эле жер астынан казылган баалуу металлдардын (16,1 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулуш тармагында төмөндөөлөр байкалат, анын көлөмү – 22,1 пайызга жакын төмөндөдү,  дүң жана чекене соода тармагында көрсөткүчтөр 12,3 пайызга азайды, ал эми айыл чарбасында оң тенденциялар байкалды, анда өндүрүүнүн көлөмү 0,9 пайызга өстү.

2021-жылдын январь-февралында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары жана тарифтердин жогорулашы жалпысынан 2,0 пайызды түздү. Мунун ичинен тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктардына болгон баалар 2,9 пайызга өстү, алкоголдук ичимдиктер менен тамекиге болгон баалар 3,4 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга болгон баалар 0,8 пайызга өстү. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 0,8 пайызга төмөндөгөнү байкалат.  

Керектөө баалар жана тарифтер баарынын өскөнү дээрлик бардык аймактарда байкалды. Максималдык баалар Нарын облусунда (1,7 пайызга) аныкталды.

Кыргыз Республикасынын товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү, алдын ала маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын январь айында 352,4 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январь айына салыштырмалуу 27,5 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 11,5 пайызга төмөндөсө, импорттук келип түшүүлөр 32,1 пайызга кыскарды. 

2021-жылдын январында республиканын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын көлөмү 169,4 млн АКШ долларын түзүп, 2020-жылдын январына салыштырмалуу 19,7 пайызга азайган. Экспорттук жөнөтүүлөр – 20 пайызга, импорттук келип түшүүлөр - 19,6 пайызга төмөндөдү.

Республиканын  ЕАЭБге мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (74,4 пайызы) жана Казакстанга (23,6 пайызы) туура келди.

Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБнын мүчө-мамлекеттери менен өз ара соодасы

(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар: 

 2020-жылы Кыргыз Ресупбликасындагы айыл чарба өндүрүшүнүн жыйынтыктары тууралуу

2020-жылы түзүлгөн жана жоюлган иш орундары тууралуу

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 12.03.2021, 09:01