Үстүбүздөгү жылдын январ- майындагы ички дүӊ продуктунун өсүүсү белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.06.2019


Ички дүң продукт (ИДП) алдын-ала баалоо боюнча 2019-жылдын январ - майында өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу 5,6 пайызга өсүп, 184 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 161,2 млрд. сом өлчөмүндө түзүлүп, өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу 1,5 пайызга жогорулады.

ИДПнын өсүшү негизинен өнөр жай, айыл чарба, курулуш тармактары жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрү тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге товар өндүрүү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январ-майына салыштырмалуу  – 112,0 пайызды (2018-жылдын январ-майында – 99,7 пайыз), ал эми кызмат көрсөтүү тармактары – 101,1 пайызды (2018-жылдын январ-майында – 101,4 пайыз) түздү. 

2018-жылдын январ-майына салыштырганда ИДПнын түзүмүндөгү товар өндүрүү тармактарынын үлүшү 2,6 пайыздык пунктка өсүп, 37,1 пайызды түздү, ал эми кызмат көрсөтүүчү тармактардын үлүшү 1,1 пайыздык пунктка өсүп, 47,3 пайызды түздү.

 

2019-жылдын январ-майындагы экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2018

2019

ИДП

183750,0

105,6

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

68208,6

112,0

34,5

37,1

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык  уулоочулук

14075,1

101,7

7,6

7,7

Өнөр жай

42844,7

117,7

21,0

23,3

Пайдалуу кендерди казуу

1470,4

127,4

1,0

0,8

Иштетүү өндүрүшү

 

 

 

 

 (Иштетүү өнөр жайы)

35324,6

121,2

16,5

19,2

Электр энергия, газ, буу жана  кондицияланган аба менен камсыздоо  

 

 

 

 

      (жабдуу)

5441,0

96,7

3,2

3,0

Суу менен жабдуу, тазалоо,

 калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

608,7

112,0

0,3

                  0,3

Курулуш

11288,8

105,0

6,0

6,1

Кызмат көрсөтүү тармактары

86890,7

101,1

48,4

47,3

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

жана мотоциклдерди оңдоо

28922,8

104,0

15,7

15,7

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

8138,9

103,1

4,4

4,4

Мейманканалар менен ресторандардын

 ишмердиги

2532,0

106,0

1,3

1,3

Маалымат жана байланыш

6221,1

90,9

3,8

3,4

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

41075,9

100,2

23,2

22,5

Продуктуларга таза (субсидияларды

 

 

 

 

эсептебегенде) салыктар

28650,7

105,6

17,1

15,6

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.06.2019, 16:19