2021-жылдын январь-ноябрь айларында ички дүң продуктунун өсүшү байкалууда

Басылмалардын датасы: 10.12.2021


Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-ноябрында, өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 2,4 пайызга жогорулоо менен 626 млрд. жакын сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 569 млрд. жакын сом өлчөмүндө түзүлдү жана өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,1 пайызга жогорулаган.

ИДПнын өсүү темпинин жогорулашы негизинен, кызмат көрсөтүүчү тармактар тарабынан камсыздалды. Муну менен бирге, үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,1 пайызга өскөн болсо, 2020-жылдын январь-ноябрь айларында 10,0 пайызга төмөндөгөн. Мында өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи 1,4 пайызга төмөндөгөн (2020-жылдын январь-ноябрында – 6,1 пайызга төмөндөө болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (43,7 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,1 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 1,6 пайыздык пунктка кыскарды жана 42,6 пайызды түздү.  ИДПнын түзүмүндөгү өнөр жай тармагынын үлүшү 20,2 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,7 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 6,3 пайызга жана 1,3 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 16,1 пайызды түзүү менен 1,4 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-ноябрындагы экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен 2020                         2021 

ИДП

625 818,8

102,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

266 445,4

98,6

44,2

42,6

Айыл чарбасы, токой чарбасы
жана балык уулоочулук

100 826,0

96,0

14,7

16,1

Өнөр жай

126 212,7

101,6

21,9

20,2

Пайдалуу кендерди казуу

14 394,8

117,8

1,7

2,3

Иштетүү өндүрүшү 
 (Иштетүү өнөр жайы)

 

97 048,3

 

99,3

 

17,8

 

15,5

Электр энергия, газ, буу жана

кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу)

13 071,9

104,2

2,2

2,1

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

 

1 697,7

 

131,9

 

0,2

 

0,3

Курулуш

39 406,7

95,4

7,6

6,3

Кызмат көрсөтүү тармактары

273 268,5

106,1

44,8

43,7

Дүң жана чекене соода; автоунааларды жана мотоциклдерди оңдоо

 

100 979,4

 

111,0

 

15,0

 

16,1

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо

21 183,9

119,0

3,0

3,4

Мейманканалар менен ресторандардын ишмердиги

6 279,7

114,0

0,9

1,0

Маалымат жана байланыш

16 079,4

112,8

2,7

2,6

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

128 746,1

100,3

23,2

20,6

Продуктуларга таза (субсидияларды эсептебегенде) салыктар

86 104,9

102,4

11,0

13,7

________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.12.2021, 14:25