2019-жылдын январь-сентябрь айларында турак үйлөрдүн жалпы аянтын ишке киргизүүнүн көлөмү өстү

Басылмалардын датасы: 15.10.2019


2019-ж. январь-сентябрында жалпы аянты 795,8 миң чарчы метр болгон турак үйлөр пайдаланууга берилди, бул 2018-ж. январь-сентябрына караганда 16,1 пайызга көп.

Ишке киргизилген турак жайлардын негизги үлүшү Бишкек шаарына, Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарына туура келди.

Январь-сентябрда аймактар боюнча турак үйлөрдүн ишке киргизилиши

 

Жалпы аянттын миң ч. м

Жыйынтыкка карата, пайыз менен

 

2018

2019

2018

2019

Кыргыз Республикасы

685,3

795,8

100

100

  Баткен облусу

48,3

48,9

7,0

6,2

  Жалал-Абад облусу

110,7

141,0

16,2

17,7

  Ысык-Көл облусу

53,6

61,5

7,8

7,7

  Нарын облусу

26,1

29,2

3,8

3,7

  Ош облусу

131,8

144,2

19,2

18,1

  Талас облусу

34,8

37,9

5,1

4,8

  Чүй облусу

122,7

117,6

18,0

14,8

  Бишкек ш.

124,8

179,4

18,2

22,5

  Ош ш.

32,5

36,1

4,7

4,5

 

2018-жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу ишке киргизилген турак үйлөр Чүй облусунан башка региондордо көбөйдү, олуттуу өсүүсү Бишкек шаарында – 43,7 пайызга жана Жалал-Абад облустарында –  27,4 пайызга байкалды.

Январь-сентябрда аймактар боюнча турак үйлөрдүн ишке 
 киргизилишинин темпи

(Өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

 

_________________________________________________________________________________

Инвестиция статистикасы бөлүмү   |e-mail:birukova@stat.kg; |тел. + 996 (312) 324642

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 15.10.2019, 10:43