Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жна тарифтеринин төмөндөшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 14.10.2016


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын 2,5 пайызга төмөндөшү катталды. Муну менен бирге, ү.ж. май-июнунда жана сентябрында 0,2 пайызга керектөө бааларынын өсүшү байкалды.

Республикадагы инфляциялык процесстердин динамикасына азык-түлүк товарларынын бааларынын өзгөрүүсү көбүрөөк таасир көрсөтөт, анткени алардын үлүшүнө калктын акчалай чыгымдарынын 47 пайызынан көбүрөгү туура келет.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 8 пайызга төмөндөдү. Белгилеп кетсек, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары ү.ж. январынан баштап төмөндөп келет, бир гана ү.ж. июнунда (мурунку айга салыштырмалуу) аларга болгон баанын 0,4 пайызга жогорулашы катталды.

Жалпысынан ү.ж. 9 ай аралыгында азык-түлүк товарларынын дээрлик бардык түрлөрүнө баалардын төмөндөшү белгиленди. Баалар олуттуу жумурткага - 11,3 пайызга, унга - 10,6 пайызга, орто дандуу күрүчкө - 9,5 пайызга, жаѕы союлган этке - 7,8 пайызга, сүт жана сүт азыктарына - 8,9 пайызга, жаѕы бышкан жашылчаларга - 38 пайызга төмөндөдү.

Баалардын жогорулашы ү.ж. сентябрында 2015-жылдын декабрына салыштырмалуу гречиха акшагына - 22,8 пайызга, консерваланган балыкка - 8,4 пайызга, алмага - 12,1 пайызга, картошкага - 6,4 пайызга, чайга - 4,2 пайызга, минералдуу сууга жана суусундуктарга - 3,2 пайызга, консерваланган жашылчаларга - 1,6 пайызга  катталды.

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери алкоголдук ичимдиктердин баалары 2,8 пайызга жогорулады, ага карабастан аларга болгон баанын төмөндөшү ү.ж. январында (0,6 пайызга) жана апрелинде (0,2 пайызга) байкалган. Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында тамекинин баасы 7,6 пайызга кымбаттады. Республика боюнча тамекинин баасынын акыркы төмөндөшү 2013-жылдын октябрында катталган.

Үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында азык-түлүктүк эмес товарлардын баалары 0,5 пайызга жогорулады, ага карабастан ү.ж. март-апрелинде жана июнь-июлунда аларга болгон баанын төмөндөшү белгиленди. Мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу баалар күйүүчү-майлоочу материалдарга - 10,1 пайызга, турак жайларды күтүү жана оѕдоо үчүн керектелген материалдарга - 7,8 пайызга (алардын ичинен цементке - 19,7 пайызга жана кирпичке - 6,4 пайызга), автотранспортко - 11 пайызга, газга 13,7 пайызга, катуу отунга - 9,4 пайызга төмөндөдү.

үстүбүздөгү жылдын башынан бери тейлөөлөрдүн тарифтеринин өсүүсү 3,4 пайызды (муну менен бирге алардын төмөндөшү ушул жылдын июнунда 0,2 пайызга катталды) түздү. үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында эѕ жогорку даражада байланыш тейлөөсүнүн тарифтери (10,1 пайызга), турак жайларды күнүмдүк күтүү жана о¾доо тейлөөсүнүн (13,7 пайызга), амбулатордук тейлөөсүнүн (28,8 пайызга), маркумду узатуу тейлөөсүнүн (32,3 пайызга) тарифтери өстү. Муну менен бирге, тарифтер мейманкана тейлөөлөрүндө - 5,2 пайызга, такси - 7,3 пайызга, чачтарач тейлөөсүндө - 5,9 пайызга,  маданий иш-чараларды уюштуруу тейлөөсүндө - 3,3 пайызга, коомдук тамактанууда - 2 пайызга, мектепке чейинки уюмдарда - бир пайызга, нотариалдык тейлөөдө - 1,6 пайызга төмөндөдү.

үстүбүздөгү жылдын 9 ай аралыгында аймактык бөлүктө керектөө бааларынын өсүүсү (0,7 пайыз) Ысык-Көл облусунда белгиленди, ал эми республиканын калган региондорунда тескерисинче алар төмөндөдү. Муну менен бирге, республиканын бардык региондорунда тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын төмөндөшү белгиленди. Тейлөөлөрдүн тарифтери бардык аймактарда жогорулады, муну менен максималдуу өсүү (6 пайыз) Чүй облусунда катталды. Азык-түлүктүк эмес товарлар көбүрөөк өлчөмдө Нарын облусунда (3,8 пайызга), жогорулады. Ошол эле мезгилде азык-түлүктүк эмес товарлар 2015-жылдын декабрына салыштырмалуу Бишкек шаарында (0,2 пайызга), Жалал-Абад (1,9 пайызга) жана Талас (0,3 пайызга) облустарында төмөндөдү. Алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин баасынын олуттуу өсүүсү Ысык-Көл облусунда (12,1 пайызга) катталса, ал эми Баткен облусунда, тескерисинче, алардын баасы 0,3 пайызга төмөндөдү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын олуттуу өсүүсү көрсөтүлгөн мамалекеттердин ичинен Беларусь Республикасында (8,3 пайызга) катталды.

 

Баалардын статистикасы бөлүмү                 |e-mail: ceny@stat.kg;               |тел. + 996 (312) 625825, 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 18.10.2016, 16:33