2021-жылдын январь-августундагы ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 13.09.2021


 

 

 

Ички дүң продукт (ИДП), алдын-ала баалоо боюнча, 2021-жылдын январь-августунда өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,7 пайызга төмөндөө менен 405 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 369 млрд. жакын сом өлчөмүндө түзүлдү, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,6 пайызга жогорулаган.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өнөр жайда, курулушта жана айыл чарбасында алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактардын өсүү темпи өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу  7,6 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-августунда 1,0 пайызга төмөндөѳ болгон). Ушул эле учурда, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 5,6 пайызга жогорулады (2020-жылдын январь-августунда 10,1 пайызга төмөндөѳ болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-августунда ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (46,4 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-августуна салыштырмалуу 0,1 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 3,5 пайыздык пунктка кыскарды жана 39,2 пайызды түздү. ИДП түзүмүндөгү өнөр жайдын үлүшү 20,4 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,0 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 5,3 пайызга жана 1,4 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 13,5 пайызды түзүү менен 0,9 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-августунда экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

405 158,3

99,3

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

158 967,3

92,4

42,7

39,2

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана
балык уулоочулук

54 823,6

95,1

12,6

13,5

Өнөр жай

82 727,1

91,4

23,4

20,4

Пайдалуу кендерди казуу

9 266,4

109,9

1,8

2,3

Иштетүү өндүрүшү  
(Иштетүү өнөр жайы)

62 938,2

87,3

19,0

15,5

Электр энергия, газ, буу жана
 кондицияланган аба менен камсыздоо
(жабдуу)

9 284,0

106,4

2,4

2,3

Суу менен жабдуу, тазалоо, калдыктарды иштетүү жана кайра пайдалануучу чийки затты алуу

1 238,5

134,0

0,2

0,3

Курулуш

21 416,6

90,9

6,7

5,3

Кызмат көрсөтүү тармактары

188 014,3

105,6

46,5

46,4

Дүң жана чекене соода; автоунааларды
жана мотоциклдерди оңдоо

61 595,8

111,1

13,9

15,2

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү
сактоо

14 304,5

124,9

2,8

3,5

Мейманканалар менен ресторандардын 
ишмердиги

3 565,9

109,6

0,8

0,9

Маалымат жана байланыш

11 678,7

105,1

3,2

2,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

96 869,4

100,4

25,8

23,9

Продуктуларга таза (субсидияларды
эсептебегенде) салыктар

58 176,7

99,3

10,8

14,4

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;  тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 13.09.2021, 14:45