2021-жылдын январь-майындагы ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 11.06.2021


Ички дүң продукт (ИДП) 2021-жылдын январь-майында, алдын-ала баалоо боюнча, өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,6 пайызга төмөндөө менен 215 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү, өткөн жылдын январь-майынын деңгээлинен 3,5 пайызга өсүү менен 192 млрд. ашык сом өлчөмүндө түзүлдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу  8,6 пайызга төмөндөдү (2020-жылдын январь-майында 1,0 пайыз төмөндөѳ болгон). Кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2020-жылдын январь-майына салыштырмалуу 4,1 пайызга жогорулады (2020-жылдын январь-майында 8,3 пайызга төмөндөѳ болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-майында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (48,5 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-майына салыштырмалуу 0,4 пайыздык пунктка азайды, ал эми товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү 36,5 пайызды түзүү менен 3,5 пайыздык пунктка азайды. Өнөр жайдын ИДПдагы үлүшү 23,6 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,2 пайыздык пунктка төмөн, курулуштун үлүшү тиешелүүлүгүнө жараша, 4,4 пайызга жана 1,5 пайыздык пунктка төмөн болду, ал эми ушул эле учурда айыл чарбасынын үлүшү, тескерисинче, 8,5 пайызды түзүү менен 0,2 пайыздык пунктка көбөйдү.

2021-жылдын январь-майында экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2020

2021

ИДП

215 110,6

98,4

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

78 548,6

91,4

40,0

36,5

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

18 370,1

101,2

8,3

8,5

балык уулоочулук

Өнөр жай

50 678,3

89,8

25,8

23,6

Пайдалуу кендерди казуу

5 136,0

95,7

2,0

2,4

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

37 842,4

86,1

20,2

17,6

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

6 946,5

104,7

3,3

3,2

Суу менен жабдуу, тазалоо,

753,4

145,0

0,3

0,4

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

9 500,2

84,1

5,9

4,4

Кызмат көрсөтүү тармактары

104 270,4

104,1

48,9

48,5

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

31 847,8

109,5

13,7

14,8

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

9 104,2

116,5

3,4

4,2

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

1 796,2

92,8

0,9

0,9

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

6 167,4

102,3

3,1

2,9

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

55 354,8

100,4

27,8

25,7

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

32 291,6

98,4

11,1

15,0

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 11.06.2021, 17:29