2020 жылдын январь-ноябрында ички дүӊ продукт

Басылмалардын датасы: 10.12.2020


Ички дүң продукт (ИДП) 2020-жылдын январь-ноябрында алдын-ала баалоо боюнча өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 8,1 пайызга төмөндөө менен 511 млрд. ашык сомду түздү. «Кумтөр» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, ИДПнын көлөмү 453 млрд. сомго жакын өлчөмдө түзүлдү жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,6 пайызга төмөндөдү.

ИДПнын өсүү темпинин төмөндөшү өндүрүштө, курулушта жана кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө алардын кыскарышы менен шартталды. Муну менен бирге, товарларды өндүрүүчү тармактарынын өсүү темпи өткөн жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу  5,7 пайызга төмөндөдү, ал эми 2019-жылдын январь-ноябрь айларында алардын 7,4 пайызга өсүшү байкалган. Ушуга жараша, кызмат көрсөтүүчү тармактардын өсүү темпи 2019-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 10,2 пайызга төмөндөдү (2019-жылдын январь-ноябрь айларында - 2,7 пайызга өсүү болгон).

Үстүбүздөгү жылдын январь-ноябрь айларында ИДПнын түзүмүндөгү эң чоң үлүш (45,1 пайыз) кызмат көрсөтүүчү тармактарга туура келди, ал өткөн жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 0,6 пайыздык пунктка азайды. Ушул эле учурда, товарларды өндүрүүчү тармактарынын үлүшү 43,8 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,4 пайыздык пунктка жогору. Өнөр жайдын үлүшү 21,3 пайызды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,0 пайыздык пунктка жогору, ал эми айыл чарбасынын үлүшү, тиешелүүлүгүнө жараша, 14,8 жана 1,6 пайыздык пунктка жогору болду, ал эми курулуштун үлүшү, тескерисинче, 7,7 пайызды түзүү менен 1,2 пайыздык пунктка төмөндөдү.

2020-жылдын январь-ноябрында экономикалык ишмердиктин түрлөрү боюнча ИДП

 

Млн. сом

ИДПнын өсүү (төмөндөө) темптери

Жыйынтыкка карата пайыз менен

2019

2020

ИДП

511 007,2

91,9

100,0

100,0

Товар өндүрүү тармактары

224 334,9

94,3

40,4

43,8

Айыл чарбасы, токой чарбасы жана

75 821,1

100,9

13,2

14,8

балык уулоочулук

Өнөр жай

109 124,3

94,5

18,3

21,3

Пайдалуу кендерди казуу

4 910,7

78,0

1,1

1,0

Иштетүү өндүрүшү

       

 (Иштетүү өнөр жайы)

91 227,7

94,5

14,7

17,8

Электр энергия, газ, буу жана 

       

 кондицияланган аба менен камсыздоо 

 (жабдуу)

11 418,0

102,2

2,2

2,2

Суу менен жабдуу, тазалоо,

1 567,9

93,9

0,3

0,3

калдыктарды иштетүү жана кайра

пайдалануучу чийки затты алуу

Курулуш

39 389,5

84,1

8,9

7,7

Кызмат көрсөтүү тармактары

229 864,4

89,8

45,7

45,1

Дүң жана чекене соода; автоунааларды

77 745,8

84,7

16,8

15,2

жана мотоциклдерди оңдоо

Транспорт ишмердиги жана жүктөрдү

14 832,3

69,4

3,9

2,9

 сактоо

Мейманканалар менен ресторандардын 

4 894,6

53,5

1,7

1,0

ишмердиги

Маалымат жана байланыш

13 665,4

94,5

2,8

2,7

Кызмат көрсөтүүлөрдүн башка түрлөрү

118 726,3

100,2

20,5

23,3

Продуктуларга таза (субсидияларды

       

 эсептебегенде) салыктар

56 807,9

91,9

13,9

11,1

_______________________________________________________________________________________________________

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg; тел. + 996 (312) 324695; 325351

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү. (Кыргыз Республикасынын "Расмий статистика жөнүндө"  мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 10.12.2020, 16:38