«Айыл чарбасындагы статистикалык отчеттуулук» жаңы программалык камсыздоону ишке ашыруу маселесине арналган окутуучу семинар

Басылмалардын датасы: 03.08.2015


       Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чуй облустарынын мамлекеттик статбашкармалыгынын жана райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн 2015-жылдын 29 июлунан 31-июлга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттукстаткому тарабынан айыл чарбасында статистиканы өркүндөтүү маселелери боюнча «Айыл чарбасындагы статистикалык отчеттуулук» жаңы программалык камсыздоону ишке ашыруу алкагында окутуучу семинар болуп өттү. 

         Семинарда ON-LINE режиминде мамлекеттик отчеттулуктун айыл чарба статистикасы боюнча формасынын 20 түрүнүн жыйынтыктарын киргизүү боюнча (электрондук суроолор тизмеги) ушул жылдын январь-июндагы маалыматтардын базасын чогултуу процесси каралды.

            «Айыл чарбасындагы статистикалык отчеттуулук» жаңы программалык камсыздоону ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн дегээлинде айыл чарбасынын стаитстикалык маалыматтарын иштеп чыгуу жана чогултуунун технологиялык процессинин ар бир этапына борбордоштурулган түрүндө көз салып турууга мүмкүндүк берет.


Акыркы жаңылоо: 04.08.2015, 11:30