Жыл башынан бери биринчи жолу экономикалык өсүштүн оң тенденциясы байкалды

Басылмалардын датасы: 12.10.2021


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продукт алдын ала ала баалоо боюнча, 485 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2020-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 0,1 пайызга жогорулады.

«Кумтор» кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 444 миллиарддан ашык сомду түздү жана 3,6 пайызга жогорулады.

Ички дүң продукт
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                                            

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү 2021-жылдын январь-сентябрь айларында 233 миллиарддан ашык сомду түздү жана өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 4,2 пайызга төмөндөдү, буга себеп фармацевтикалык продукциялар (42,0 пайызга), химиялык продукциялардын ( 35, 0 пайызга), негизги металлдар жана даяр металл буюмдары, машиналарды жана жабдууларды кошпогондо (21,2 пайызга), ошондой эле текстиль өндүрүшүндө, кийим жана бут кийим, териден жасалган буюмдардын  (2,7 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди.

Өнөр жай продукциясынын  көлөмү
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

                                                         

Курулуш жана айыл чарба тармактарында төмөндөөлөр байкалды, алардын көлөмү курулушта - 7,2 пайызга, айыл чарбасында - 5,0 пайызга төмөндөдү, ушул эле учурда дүң жана чекене соода, жүгүртүүдө тескерисинче, көлөмдүн 10,3 пайызга өсүшү белгиленди.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын өсүүсү 6,5 пайызды түздү. Ушул эле учурда тамак -аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 7,4 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге- 9,8 пайызга, азык -түлүк эмес товарларга - 6,4 пайызга, кызмат көрсөтүүнүн тарифтери - 2,4 пайызга өсүүлөрү байкалды.
Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрында керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы  (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын баардык региондорунда байкалды. Мында баанын максималдуу өсүүсү башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (9,6 пайыз) Жалал-Абад облусунда катталган, азык-түлүк эмес товарларга (12,7 пайызга) жана алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге болгон баалардын өсүүшү (11,9 пайызга) болгон баалар жогору экени аныкталды.
Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2021-жылдын январь-августунда 4,3 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-августуна салыштырмалуу 19,7 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 19,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче 41,4 пайызга жогорулады.
Кыргыз Республикасынын  ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен өз ара соода көлөмү 2021-жылдын январь-августунда 2,0 млрд. АКШ долларын түздү жана 2020-жылдын январь-августуна салыштырганда 25,8 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 29,9 пайызга, импорттук келип түшүүлөр 24,5 пайызга жогоруланган. 
Республиканын ЕАЭБ мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү январь-августта Россияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайызга) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(өткөн жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт


 

Презентациялар:

1. 2021-ж. январь-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын өнөр жайынын абалы (ыкчам маалымат)

2. 2021-жылдын 9 ай аралыгындагы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүүсү тууралуу

                                                                                                              *****
Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 
Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн төмөнкү дарек боюнча кайрылсаңыздар болот: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg, Дареги:  Фрунзе көч., 374 (Т. Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download

 


Акыркы жаңылоо: 14.10.2021, 11:41