Экономиканын финансы секторунун бардык субъектилери кирешелердин өсүүсүн көрсөтүшөт

Басылмалардын датасы: 22.11.2021


2021-жылдын январь-сентябрында экономиканын финансы секторунда 609 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 312 күрөөканалар, 153 микрокредиттик уюмдар, 105 кредиттик бирикмелер, 14 камсыздандыруу компания жана бир адистештирилген финансылык-кредиттик уюм иш жүргүздү.

2021-жылдын 9 айында алар тарабынан 46 млрд. сомго жакын киреше алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине караганда 11,4%га көп. Мында кирешелердин өсүшүнүн 62%зын банк сектору, 17%дан ашыгын - микрокредиттик уюмдар жана 14% ломбарддар камсыздады.

Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун кирешелери

(млрд. сом)

Ушул эле мезгилде финансы секторунун уюмдарынын чыгымдары 6,7%га  көбөйдү жана 31 млрд. сомду түздү.

2021-жылдын январь-сентябрынын жыйынтыгы боюнча экономиканын финансы секторунун ишканалары тарабынан 15 млрд. сомго жакын суммасында сальдолоштурулган пайда алынды, бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 23%га көп. Пайданын өсүшүнүн 77% Улуттук банктын кирешесинин өсүүсү менен камсыздалды.

Январь-сентябрда экономиканын финансы секторунун ишканаларынын
 ишмердиктеринин көрсөткүчтөрү

 (млн. сом)

 

 

Кирешелер

Чыгымдар

Сальдолоштурулган финансылык жыйынтык

2020

2021

2020

2021

2020

2021

Бардыгы

41 179,5

45 887,3

29 204,5

31 171,5

11 959,3

14 713,2

Банктар

34 582,1

37 503,6

25 080,7

25 433,2

9 485,9

12 069,0

Күрөөканалар

293,6

953,0

201,9

752,2

91,6

200,8

Кредиттик бирикмелер

180,1

182,5

133,7

137,3

46,4

45,3

Микрокредиттик уюмдар

5 115,8

5 943,8

3 050,9

3 817,3

2 064,8

2 125,2

Камсыздоо уюмдары

965,8

1 265,0

714,3

1 008,1

251,5

256,9

Башка уюмдар

42,1

39,4

23,0

23,4

19,1

16,0

 

2021-жылдын январь-сентябрында финансы секторунун рентабелдүү уюмдарынын үлүшү алардын жалпы санынын 65%га  жакынын түздү, ал эми 17%дан ашык уюмдар чыгым алды.

_________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg; |тел. + 996 (312)  626073, 625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

2021-жылдын 22-ноябры


Акыркы жаңылоо: 22.11.2021, 11:17