Бишкекте Улутстаткомдун өкүлдөрү ПАРИС 21 жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрү менен жолугушту

Басылмалардын датасы: 24.09.2019


Бүгүн, 24-сентябрда Бишкекте 21-кылымдагы статистиканы өнүктүрүү боюнча иш алып барган эл аралык уюм менен (ПАРИС 21) КР Улуттук статистика комитетинин жетекчилиги, мамлекеттик органдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп, анда андан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.

Маалымат үчүн: ПАРИС21 консорциуму (21-кылымдагы статистика тармагындагы өнүгүү боюнча өнөктөштүк) 1999-жылы ноябрда негизделген. ПАРИС 21дин кеңеши дүйнөнүн өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан бардык региондорунан 50 өкүл, эки тараптуу донорлорду жана эл аралык уюмдарды камтыйт.  

Жыйынга КР Президентинин жана өкмөт аппараттарынын, министрликтер менен башка мамлекеттик мекемелердин жооптуу кызматкерлери, ошондой эле ПАРИС 21дин жана БУУ-Аялдар офисинин өлкө ичиндеги жана регионалдык өкүлдөрү катышты.

Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орунбасары Николай Чуйков жолугушууну ачып жатып, 2018-жылы КР Улуттук статистикалык комитети ПАРИС 21дин толук мүчөсү болуп калгандыгын белгиледи. ПАРИС 21 уюмунун ишмердиги статистиканын өнүгүүсүнүн стратегиясынын мониторингин ишке ашыруу жана иштеп чыгууга колдоо көрсөтүүгө багытталгандыгын, ошондой эле ТӨМдүн (Туруктуу Өнүгүүнүн Максаты) көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды чыгарууну эске алганда, миссиянын иш сапары өз убагында болгондугун көрсөтүп кетти. Ушуга байланыштуу Улутстатком статистиканы өнүктүрүүнүн жаңы орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгууга киришти.

Ал эми ПАРИС 21 уюмунун аткаруучу жетекчиси Йоханнес Юттинг жаңыча чечимдерди талап кылган сапаттуу жана өз убагындагы маалыматтарга болгон суроо-талаптын өсүп жаткандыгын, аларды аткаруу үчүн жаңыча мамилелер жана чечимдер зарылдыгын белгиледи. Мындай талапты канаттандыруу үчүн, ПАРИС 21 бир катар инновациялык инструменттерди иштеп чыкты, алар өзгөрүп жаткан экосистема боюнча маалыматтарга жакшылап реакция кылууга жардам берет.

Жолугушуунун жүрүшүндө расмий статистиканы модернизациялоо боюнча орто мөөнөттөгу негизги багыттар, Улутстатком менен расмий статистиканы чыгаруучу башка тараптар, ошондой эле респонденттер жана пайдалануучулар ортосундагы координация менен коммуникацияны жакшыртуу маселелери да каралды.  

 

 

 

 

 

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 25.09.2019, 08:58