2019-жыл үчүн “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень” басылып чыкты

Басылмалардын датасы: 02.03.2020


Бюллетень 2019-жылда өлкөдө азык-түлүк менен камсыздоонун абалынын  талдоосун камтыйт.  Анда  азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, аны калктын киши башына керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган (тутумдаштырылган).

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2019-жылдын 9 айы үчүн 5016 үй чарбаларынын интеграциялык изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндө тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалыматты «Басылмалар» бөлүгүнөн караңыздар.

   ________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө статистикасы башкармалыгы     

 

         Үй чарба статистикасы бөлүмү  

               

|   e-mail: NKerimalieva@stat.kg; |  тел. + 996 (312)  324691

 

| e-mail:y.kalymbetova@stat.kg;   |   тел. + 996 (312) 324655

 

 

      

 

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда, маалыматтык тармактарга, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таркатуу учурунда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 

 


Акыркы жаңылоо: 02.03.2020, 16:05