2019-жылдын I кварталындагы “Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетен”

Басылмалардын датасы: 29.05.2019


Азык-түлүк коопсуздугу жана жакырчылык боюнча маалыматтык бюллетень 2019-жылдын I кварталындагы өлкөдөгү азык-түлүк менен камсыздуулук абалынын  талдоосун камтыйт. Анда азык-түлүктүн болушу, анын өндүрүлүшү жөнүндө материалдар, азык-түлүккө жетүүнүн көрсөткүчтөрү, анын калктын жан башына алгандагы керектөөсү жөнүндөгү маалыматтар бириктирилген жана системалаштырылган.

Тиркемелерде Кыргыз Республикасынын аймактарындагы гидрометеорологиялык шарттардын баяны, тамак-аш азыктарына болгон орточо чекене баалар жөнүндө маалымат, 2018-жылдагы 5016 үй чарбанын интеграцияланган изилдөөсүнүн натыйжалары боюнча энергетикалык баалуулук түрүндөгү тамактануу теңдеми, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугунун индикаторлору камтылган. Кененирээк маалымат алуу үчүн «Басылмалар» бөлүмүн караңыздар.

 

   ________________________________________________________

Туруктуу өнүгүү жана айлана-чөйрө

 статистикасы башкармалыгынын      

үй чарба статистикасы бөлүмү                  

 

 

|   e-mail:gsamohleb@stat.kg;    |  тел. + 996 (312)  324655

 

 

 

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси). 

 

 


Акыркы жаңылоо: 29.05.2019, 09:21