Статистикалык жыйнак "Кыргызстан цифраларда" 2014-2018

Басылмалардын датасы: 07.08.2019


Cтатистикалык жыйнакта Кыргыз Республикасынын 2018-жылдагы социалдык-экономикалык абалынын мурунку жылдарга салыштырылган абалын мүнүздөөчү негизги көрсөткүчтөр камтылды.

Социалдык сектордо калк, анын жумуш менен камсыздалышы жана жашоо деңгээли жөнүндө расмий статистикалык маалымат берилди. Калктын жашоо-турмуш шарттары, калктын саламаттыгынын жана медициналык жактан тейлөө абалы, билим берүү, туризм жана эс алуу, ошондой эле коомдук жана диний биримдиктер жана уюмдар жөнүндө маалыматтар басылат. Негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр келтирилди. Реалдуу сектор экономикалык ишмердиктин айрым түрлөрү - өнөр жай, айыл чарбасы, инвестициялар, курулуш жана башка кызмат көрсөтүүчү тармактар боюнча маалыматтарды мүнөздөйт. Улуттук эсептер системасы рыноктук экономиканын түзүлүшүнүн жана иштешинин макроэкономикалык аспектилерин мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдү камтыйт. Мамлекеттик жана финансылык секторлордо мамлекеттик финансылар, акча жүгүртүүлөр жана кредит берүүлөр жөнүндө маалыматтар келтирилди. Тышкы сектордо тышкы экономикалык ишмердик, Кыргыз Республикасынын экспорту жана импортунун түзүмү жөнүндө маалыматтар берилди. Региондордун өнүгүүлөрүнүн айрым көрсөткүчтөрү да келтирилди.


Акыркы жаңылоо: 07.08.2019, 16:34