“Жумуштуулук жана жумушсуздук” статистикалык жыйнагы басмадан чыкты

Басылмалардын датасы: 13.11.2018


2017-жылдагы үй чарбаларынын жана жумушчу күчтөрүнүн бюджеттеринин интеграциялык тандама изилдөөсүнүн жыйынтыктары боюнча даярдалган “Жумуштуулук жана жумушсуздук” статистикалык жыйнагы басмадан чыкты, жыйнакта 2008-2017-жж. эмгек рыногунун негизги көрсөткүчтөрү, ошондой эле экономикалык активдүү жана активдүү эмес калктын, иштегендердин жана жумушсуздардын саны, алардын курамы жана жынысы, жаш курагы жана билим деңгээли боюнча түзүмү жөнүндө маалыматтар камтылган. 

Статистикалык маалыматтарга кыскача усулдук түшүндүрмөлөр келтирилген.

Бул басылманы алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун Маркетинг кызматына кайрылыңыздар.

____________________________________________________________________________________

Эмгек жана иш камсыз кылуу

статистикасы бөлүмү                        |e-mail:jailobaeva@stat.kg;                   |тел. + 996 (312)  62 60 76

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, маалыматтык тарамдарда кагаз түрүндө, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө жайылтууда колдонуучу маалыматтын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (КРнын “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренеси).

 


Акыркы жаңылоо: 13.11.2018, 15:25