ЕАЭБке мүчө өлкөлөрү менен республиканын өз ара соодасы

Басылмалардын датасы: 02.06.2021


Акыркы беш жылдык аралыгында Евразиялык экономикалык биримдигине кирген мүчө мамлекеттери менен болгон өз ара сооданын салыштырма салмагы республиканын товарлар менен тышкы жана өз ара соодасында 37 пайыздан 2016 жылы 43 пайызга чейин 2020 жылы өстү.

Ошону менен бирге, эгерде 2017 жана 2018 жылдары тышкы соода жүгүртүү өткөн жылдарга салыштырганда 16 пайыздан ашыгыраак болсо, 2019 жылы бул көрсөткүч 2,1 пайызга азайды, ал эми 2020 жылы пандемиянын таралышына байланыштуу соода жүгүртүүнүн көлөмү 12,5 пайызга төмөндөдү.

Экспортттук жөнөтүүлөр 2016-жылдан баштап туруктуу өстү, 2017 жылы эң жогорку өсүшүнө (21 пайыздан ашык) жетти. Ошону менен бирге 2020 жылы ага чейинки жылга салыштырганда экспорттун көлөмү, чектөөлөргө байланыштуу, 15 пайызга азайды.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө Кыргыз Республикасынан негизинен баалуу металлдардын рудалары жана концентраттары, мөмө-жемиштер жана жангактар, кийим, сүт жана сүт азыктары, пластмасса жана андан жасалган буюмдар, автомобилдердин жана тракторлордун тетиктери жана бөлүктөрү, айнек, пахта, тамеки жана цемент  жөнөтүлгөн.

Импорттук түшүлөрдү алсак, 2017-жылы алардын көлөмүнүн өсүшү байкалды, өткөн жыл менен салыштырмалуу 15 пайызга, ал эми 2018-жылы 16 пайызга өскөн. Калган жылдарда товарлардын келип түшүүлөрү азайды. 2020-жылы импорттун көлөмү дээрлик 12 пайызга азайды.

ЕАЭБке мүчө мамлекеттерден мунайзат продуктулары, жаратылыш газ, кара металлдан жасалган буюмдар, өсүмдүк майлар, буудай, буудай уну, дары-дармектер, жыгач жана жыгачтан жасалган буюмдар, жер семирткичтер, керамикалык буюмдар жана башка товарлар импорттолду.

2020-жылы ЕАЭБке мүчө өлкөлөрдүн арасынан эң жогорку көлөмдөр Россия (65 пайыз) менен Казакстанга (33 пайыз) туура келди.

ЕАЭБке мучө өлкөлөрү менен Кыргыз Республикасынын товарлары менен өз ара соодасы

 

2016

2017

2018

2019

2020

Млн. доллар

Товар жүгүртүү

2 073,2

2 405,2

2 801,9

2 742,5

2 400,9

Экспорт

447,2

541,5

640,6

641,7

546,3

Импорт

1 626,0

1 863,7

2 161,3

2 100,8

1 854,6

Өткөн жылга салыштырмалуу пайыз менен

Товар жүгүртүү

83,8

116,0

116,5

97,9

87,5

Экспорт

109,0

121,1

118,3

100,2

85,1

Импорт

78,7

114,6

116,0

97,2

88,3

_______________________________________________

Тышкы соода статистикасынын бөлүмү | e-mail:gsulaimanova@stat.kg  | тел. +996(312) 324726

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.06.2021, 08:40