Ноябрдын төрт жума аралыгында көмүрдүн баасы өсүп турду. 2019-жылдын 28-ноябрына карата кыскача обзор

Басылмалардын датасы: 29.11.2019


Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларына талдоо жүргүзүлдү.

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

2019-жылдын ноябрь айынын төрт жумасынын ичинде көмүрдүн республика бонча орточо баалары  октябрь айындагы баага салыштырмалуу тоннасы 196,24 сомго, же 4,3 пайызга жогорулады.

Ошентип, 2019-жылдын 28-ноябрына карата көмүрдүн эң жогорку баасы  Баткен шаарында (бир тонна - 8 143,25 сом), Кара–Суу шаарында (бир тонна – 8 124,04 сом) жана Ноокат шаарында (бир тонна – 7 484,88 сом) белгиленди. Ушул менен бирге  минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле, Балыкчыда (бир тонна – 3 694,59 сом), Нарында (бир тонна  – 3 549,65 сом) жана Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом) болгону белгиленди.         

Муну менен бирге көмүрдүн  чекене баасы  Токтогулда – тоннасы  921,05 сомго же 20,5 пайызга, Өзгөндө – тоннасы 912,60 сомго же 20,1 пайызга жана  Таласта  –  тоннасы 925,78 сомго же 19,8 пайызга олуттуу кымбаттады.

Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

                              (бир тонна, сом)

 

 

  2019 ж.

 октябрына

 

2019-ж.

28 ноябрына

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

  Кыргыз Республикасы

4 524,52

4 720,76

196,24

  Каракол ш.

5 556,98

5 556,98

0,00

  Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

  Кербен ш.

4 249,71

4 647,58

397,87

  Токтогул ш.

4 500,00

5 421,05

921,05

  Жалал- Абад ш.

5 091,64

5 484,81

393,17

  Чаек а., Жумгал району

2 500,00

2 500,00

0,00

  Нарын ш.

3 646,92

3 549,65

-97,27

  Исфана ш.

6 113,51

6 587,87

474,36

  Баткен ш.

8 000,00

8 143,25

143,25

  Кара-Суу ш.

8 124,04

8 124,04

0,00

  Ноокат ш.

-

7 484,88

-

  Өзгөн ш. 

4 538,76

5 451,36

912,60

  Покровка а., Манас району

4 000,00

4 500,00

500,00

  Талас ш.

4 673,33

5 599,11

925,78

  Кара-Балта ш.

3 900,00

3 900,00

0,00

  Токмок ш.

3 749,67

4 055,27

305,60

  Бишкек ш.

4 022,07

4 204,08

182,01

  Ош ш.

5 899,43

6 066,48

167,05

* - базарда товардын убактылуу жоктугу
Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат. Бааларды каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен соода кызуу жүрүп жаткан мезгилде жүргүзүшөт. Ошол эле учурда сатуу точкаларында товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат.

___________________________________________________________________________________________________________

Баалар статистикасы бөлүмү         |e-mail: ceny@stat.kg;           |тел. + 996 (312)  625825; 324705

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 29.11.2019, 14:21