Жалпы билим берүүчү мектептердин окутуучулук персоналынын саны акыркы беш жыл ичинде кыскарды

Басылмалардын датасы: 02.10.2015


Билим берүү тутумундагы өзгөчө орунду жалпы билим берүүчү мектептердин педагогикалык кадрлары ээлейт, 2014/2015-окуу жылынын башына карата республикада 73 миң мугалим, анын ичинен 83,5 пайызы аялдар иштеген. Жалпы билим берүүчү мектептерде бир мугалимге орточо эсеп менен 14 окуучу, шаар жеринде – 18, ал эми айыл жеринде - 13 окуучу туура келет. Мугалимдердин жалпы санынын 86 пайызы – жогорку кесиптик билими менен, 9 – орточо кесиптик билими менен, 4 үнөн көбү – бүтпөгөн жогорку билими менен. Үстүбүздөгү окуу жылында өлкөнүн мектептеринде 5,4 миң чет тил мугалимдери эмгектенишет, физикадан 5,9 миң, тарыхтан 3,8 миң, математикадан 2,7 миң, биологиядан 2,6 миң, географиядан 2,5 миң жана химиядан 2,2 миң мугалим сабак берет.

______________________________________________________________________________________________________________

Социалдык статистика             I          e-mail: j.rahmanova@stat.kg         I         тел.+996(312) 664042

бөлүмү                                                                                         

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалыматтык тармактарда, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөргө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 06.10.2015, 15:44