Зыяндуу шишиктер менен ооруган аялдар жана эркектер. Маанилүү цифралар жана фактылар

Басылмалардын датасы: 03.12.2021


2020-жылы республикада зыяндуу шишиктер оорусунун 5 миңден ашуун учуру катталган, алардын 54% ашыгы аялдар жана 46% жакыны эркектер. Муну менен катар, беш жыл аралыгында бул көрсөткүчтүн аялдар арасында жогору тенденциясы сакталып калууда.

2020-жылы калктын 100 миңине карата аялдар арасында оорунун 88 учуру, ал эми эркектер арасында 75 учур катталды.

2020-жылы жаш курактык топтору боюнча өмүрүндө биринчи жолу диагнозу коюлган зыяндуу шишик  оорулары менен оруган аялдар жана эркектер.

 (пайыз менен)

 

Графиктен көрүнүп тургандай, 2020-жылы, өмүрүндө биринчи жолу диагноз коюлган зыяндуу шишик оорулары менен ооругандардын  эң жогорку үлүшү 60 жаш жана андан  улуу курактагылар, аялдар арасында да (47,4 пайыз), ошондой эле эркектер арасында да (57,4. пайыз) белгиленди.

______________________________________________________________________

Социалдык статистика бөлүмү e-mail: rakhmanovazz@mail.ru e-mail: social-nsc@mail.ru тел.+996(312) 664042

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү («Расмий статистика жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси)


Акыркы жаңылоо: 03.12.2021, 16:16