Аялдар эркектерге караганда үй иштерине жана балдарды тарбиялоого 4 эсе көп убакыт жумшашат.

Басылмалардын датасы: 03.11.2021


Убакыттын суткалык фондун колдонуу

Кыргыз Республикасынын Улутстаткому үй-бүлөнүн 12 жана андан улуу жаштагы бардык мүчөлөрүнүн өткөн суткаларда убакыттын суткалык фондун колдонуу жөнүндө сурамжылоо жолу менен алынган 1649 үй чарбасынын тандалма сурамжылоосунун жыйынтыктарын жалпылады.
Улутстатком тарабынан өткөрүлө турган убакыттын бюджетин изилдөө мезгил-мезгили менен 5 жылда бир жолу жүргүзүлөт, калк өз убактысын кантип бөлүштүргөнү жөнүндө түшүнүк берет жана республиканын аймактары боюнча эркектердин менен аялдардын ишмердигинде гендердик айырмачылыктарды талдоого мүмкүндүк берет.


Суткалык фонддун убакытынын 48 пайыздан ашыгын 12 жаштан жогорку калк уктоого, жеке озүнө кам көрүүгө, өзүн өзу кароого, үйдө жана үйдөн тышкары тамактанууга, мончолорго, чач тарачтарга, клиникаларга жана башка муктаждыктарга байланыштуу физиологиялык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн жумшашат.
16 пайыздан көбү бош убактысына жана 14 пайыздан ашыгы жумуш убактысына жана жумуш менен байланышкан убакытка калтырылат.
Үй чарбасын жүргүзүүгө бир суткада орточо алганда убакыттын суткалык фондунун 12 пайызга жакыны жумшалат.

Эркектер менен аялдардын убакытынын суткалык фондун бөлүштүрүлүшүндө ачык айырмачылыктар бар. 12 жана андан улуу жаштагы эркектер убакытынын суткалык фондунун 19 пайызын жумушка жана жумушка байланышкан убактына жумшашат, бул аялдарга караганда 2 саатка көп. Ошол эле учурда, аялдардын убакытынын суткалык фондунун 21 пайызга жакыны үй чарбасын жүргүзүүгө жана балдарды тарбиялоого жумшалат, бул эркектерге караганда дээрлик 4 саатка көп. Аялдардын бош убактысы эркектердикине караганда толук бир саатка аз.
Калктын убактысынын 48 пайыздан ашыгы уктоого жана өзүнө кам көрүүгө жумшалат жана бул шаарда жана айылда жашаган эркектер үчүн да, аялдар үчүн да болжол менен бирдей убакыт.
________________________________
Үй чарба статистикасы бөлүмү | e-mail:Y.Kalymbetova@stat.kg; | тел. + 996 (312)  324655

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү. (“Расмий статистика жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 03.11.2021, 10:29