2019-жылдын 29-майында Жогорку Кеӊеш жыйынында добуш берилген мыйзам долбоорлору

Басылмалардын датасы: 29.05.2019


Бүгүн, 29-майда Жогорку Кеӊештин жыйынында бир катар мыйзам долбоорлору 2,3- окууда кабыл алынды. Бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин басмасөз кызматы билдирди.

КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:

- “Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мадеминов М.Г., Турусбеков Б.С.);

“Кыргыз Республикасынын расмий статистика чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Мадеминов М.Г., Турусбеков Б.С.);

2-ОКУУДА АБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:

“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 28.02.19дагы № 95 токтом);

- “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 16.04.18деги № 210 токтом);

Кабыл алынган Жогорку Кеӊештин токтому:

“Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018-жылдын 29-ноябрындагы № 2730-VI токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору.


Акыркы жаңылоо: 29.05.2019, 15:03