Орозбаева Айнура Джантаевна

Орозбаева Айнура Жантаевна

1972-жылдын 21-июнда туулган. 

Билими жогору:

Юридика илимдеринин кандидаты (Ph.D - Doctor of Philosophy)

1989-1994 М.В. Ломоносов атындагы МОСКВА МАМЛЕКЕТТИК  УНИВЕСИТЕТИ ЮРИДИКАЛЫК ФАКУЛЬТЕТИ. Москва ш., Орусия. «Юрист» квалификациясын алуу менен «Укук таануу» адистиги боюнча дипломун алган;

1997-2003  КАЗАК МАМЛЕКЕТТИК ГУМАНИТАРДЫК-ЮРИДИКАЛЫК АКАДЕМИЯСЫНЫН Жарандык укук кафедрасынын изилдөөчүсү. Алматы шаары, Казакстан. 2003-жылы юридикалык илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алуу менен кандидаттык диссертациясын жана Ph.D жактаган (КР ВАК: 2033-ж. КР ВАК менен тастыкталган);

2004  ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЭЛ ЧАРБА АКАДЕМИЯСЫ (Москва ш.). ОФ Өкмөтүнө караштуу ЭЧА (АНХ) СОЦИАЛДЫК ЖАНА ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРИНИН МОСКВАдагы ЖОГОРКУ МЕКТЕБИ. Укук факультети, адистиги: укук таануу. Диплом;

2004- 2005 УЛУУ БРИТАНИЯ МАНЧЕСТЕР УНИВЕРСИТЕТИ жана  МАГИСТРАТУРА. Эл аралык жеке укук магистри даражасын жактаган жана алган. ЭЖУ (МЧП) магистри диплому (LL.M - Masters of Private International Law) берилген;

2008- 2010 ЖАПОНИЯ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ. Эл аралык мамилелер магистри даражасын жактаган жана алган.  Магистр диплому. M.A. in IPSP (Master of Arts in International Peace Studies Programme).

Кесиптик ишмердиги:

2.02.2022 – азыркы учурга чейин – КР Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары;

20.04.2020-01.02.2022 – укуктук маселелер боюнча эксперт;

23.01.2017 - 20.04.2021 - Евразиялык экономикалык комиссиясынын Укуктук   департаментинин директорунун орун басары. (Орусия; Москва ш.);

6.05.2016 - 20.01.2017- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси – КР министринин кеңешчиси;

2015– 12.2016 -  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти – айкаштырып иштөөчү - лектор;

2012 –06.2015 –  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) караштуу Дипломатиялык академиясынын эл аралык мамилелер жана укук кафедрасынын доценти – лектор - Ж. Баласагын атындагы КУУ Кыргыз-Кытай институтунда юридикалык маселелер жана эл аралык укуктук дисциплиналар боюнча курстардын окутуучусу;

24.11.2014 –4.05.2016- «Кыргызгипрострой» АКнын башкы директорунун юридикалык жана инновациялык маселелер боюнча айкаштырып иштөө боюнча кеңешчиси;

06.2012 –24.11.2014 – «БТА БАНК» ЖАК Башкармалыгынын Төрагасынын кеңешчиси; Кыргыз Республикасынын жана башка өнөктөш өлкөлөрдүн (РФ; РК; КЭР ж.б.) финансылык жана банктык укук маселелери боюнча аналитикалык иштерди жүргүзгөн;

04.2011- 03.2012-  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасынын орун басары;

03.2008- 2010 – Мамлекеттик кызматчыларды окутуу программасы боюнча Японияга убактылуу иш сапары (КР-JDS үчүн техникалык жардам берүүнүн алкагында окуу), квалификациясын жогорулатуу жана интеллектуалдык менчик маселелери боюнча магистрдик диссертацияны жактоо максатында, жумуш ордун сактоо жана мамлекеттик стажга киргизүү менен - КР Премьер-министринин тескемеси менен жөнөтүлгөн;

06.2006-03.2008 - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттик (Кыргызпатент). Директордун орун басары. Ошондой эле бош убактысында Кыргыз Республикасынын алдыңкы жогорку окуу жайларында окутуучу-лектор: КУУ жана КРСУда окутуучу; Эл аралык Укукту өнүктүрүү институтунун (IDLO) долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Сот департаментине караштуу сот корпусунда курстардын лектору;

10.2005-06.2006 - Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппараты. Реформаларды, мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ишмердигине; Омбудсмендин кеңсесине; Мамлекеттик каттоо кызматына көзөмөл жүргүзгөн; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берилген  документтердин (тактап айтканда, мамлекеттин катышуусу менен акционердик коомдордун юридикалык маселелеринин) юридикалык талдоосун жүргүзгөн;

01.2002-09.2004 - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (КР УИА). Кенже илимий кызматкер, андан кийин (кандидаттык диссертациясын жактагандан кийин) Философия жана укук институтунун улук илимий кызматкери;

04.1998- 01.2002 - «ХАН-ТЕНГРИ» акционердик коому. Юрист;

01.1998-04.1998 - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйыны (Кыргыз Республикасынын Парламенти – жогорку палата): Укуктук экспертиза бөлүмүнүн кодификация секторунун башчысы;

08.1996- 01.1998 - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк фонду. Методология жана мониторинг башкармалыгынын юридикалык экспертиза тобунун жетекчиси, андан кийин Укуктук экспертиза бөлүмүнүн башчысы;

06.1995-08.1996 - Кыргыз мамлекеттик улуттук университети (КМУУ): КМУУнун Эл аралык борборунун директорунун орун басары – Эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун (мындан ары – ИИМОП) эл аралык бөлүмүнүн башчысы – юридикалык дисциплиналар боюнча окутуучу; андан кийин КМУУнун юридикалык факультетинин деканынын орун басары – КМУУнун юридикалык факультетинин контракттык бөлүмүнүн башчысы; бир эле убакта илимий-педагогикалык ишмердикти жүргүзгөн: укуктук дисциплиналар боюнча КМУУнун юридикалык, экономикалык, кыргыз-европалык (КЭФ) жана кыргыз-америкалык (КАФ – азыркы БААУ) факультеттеринде бир катар лекцияларды окуган;

09.1994 -06.1995 - Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги. Начальниктин орун басары, андан кийин эл аралык-укук бөлүмүнүн башчысы.

Чиндери:

«Биринчи класстагы юрист» чини. (1994-ж.)

«Үчүнчү класстагы Мамлекеттик Кызматтын Мамлекеттик Кеңешчиси» (2006-ж.)

Сыйлыктары:

1989   - Орто мектепте ийгиликтүү окугандыгы үчүн медаль менен сыйланган;

1991  -  СССР жана АКШнын жаш юристтери үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Ассоциациялары тарабынан СССРдин жана АКШнын жаш юристтери үчүн уюштурулган укук таанучулардын экинчи конкурсунун жеңүүчүсү. СССРдин юрист-студенттеринин арасында 2-орунду ээлегендиги үчүн БУУнун Башкы катчысы Перес де Куэльяр мырзанын атынан Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун штаб-квартирасында тапшырылган БУУнун дипломдук сыйлыгын алган;

2011 - Кыргызпатенттин мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана колдоо боюнча комиссиянын төрагасы катары Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын «Ведомстводо малекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон чоң салымы үчүн» Ардак грамотасын алган;

2018 - Евразия экономикалык бирлигин түзүү жана  өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүүдө кошкон жеке салымы үчүн» ЕЭК АРДАК ГРАМОТАСЫН алган, Москва шаары.

Башка:

1. 1995-1999-жж. Бишкек Шаардык Кеңешинин депутаты жана шаардык кеңештин «Мыйзамдуулукту сактоо жана жарандардын укуктарын коргоо» боюнча комиссиясынын активдүү мүчөсү;

2. Кыргыз Республикасынын борбору - Бишкек шаарынын укуктарын бекемдеген биринчи расмий документи - Бишкек шаарынын Уставынын негизги иштеп чыгуучулардын бири;

3. 1995-2005-жж. эл-аралык-укуктук мүнөздөгү, корпоративдик жана акционердик укук, чет өлкөлүк инвестициялар, жеке менчик жөнүндө мыйзамды; «бирдиктүү терезе» принциптерин ишке киргизүү;
1994-2012-жж.; интеллектуалдык менчик (ИМ) маселелери боюнча бүтүндөй блокту жазуу боюнча иштерди иштеп чыгуучу, автор жана жумушчу топтордун мүчөсү;

4. 2011-жылдан 2013-жылга чейин - Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) ректорунун эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча коомдук кеңешчиси;

5. “Юриспруденция”. (Орусия; Москва ш.) багыты боюнча Экономика Жогорку мектебинин Эл аралык Академиялык Кеңешинин мүчөсү;  

6. 2018-жылы Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путинди шайлоо учурунда Евразия экономикалык комиссиясынан жалгыз байкоочу болгон;  

7. Республикалык «Сейтек» балдар-өспүрүмдөр мектебинин камкордук кеңешинин мүчөсү;

8. Кыргызстанда Балдар Фонду башкармалыгынын төрагасы.  

 

 

 

 

 

 

Акыркы жаңылоо: 15.08.2022, 15:38