Куттуктайбыз
Сиз Улуттук статистика комитетинин почта жөнөтмөсүнө ийгиликтүү жазылдыңыз
Жазылуунун тибин тандаңыз:

|
|
Кыргыз Республикасынын Президентинин |
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети жөнүндө жобо
(КР Президентинин 2012-жылдын 21-августундагы ПЖ N 149 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (мындан ары - Улутстатком) Кыргыз Республикасынын бүт аймагында, кесиптик көз карандысыздык жана өзалдынча иштөө принциптерине таянып, эсепке алуу жана статистика тармагында мамлекеттик статистика ишин жүзөгө ашыруучу жана теске салуучу мамлекеттик орган болуп саналат. Улутстатком Кыргыз Республикасынын Президентине отчет берет.
2. Улутстатком Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик статистика жөнүндө" Мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун негизинде иш жүргүзөт.
3. Улутстатком, мамлекеттик статистиканын аймактык органдары жана мамлекеттик статистикага караштуу органдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасын түзөт.
4. Улутстатком юридикалык жак болуп саналат, анын өзүнүн аталышы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү болот. Улутстаткомдун жайгашкан жери Бишкек шаары болуп саналат.
II. Улутстаткомдун милдеттери
5. Улутстаткомдун милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- статистика жагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу;
- Кыргыз Республикасында жана анын региондорунда болуп жаткан массалык экономикалык, социалдык, демографиялык, экологиялык көрүнүштөр менен процесстер жөнүндө статистикалык маалыматты жыйноо, иштеп чыгуу, талдоо жана таратуу;
- расмий статистикалык маалыматтын аныктыгын, биримдигин, толуктугун жана өз учурунда берилишин камсыз кылуу;
- статистикалык маалыматты, анын булактарын жана түзүү методологиясын алуу мүмкүнчүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;
- илимий жактан негизделген статистикалык методологияны иштеп чыгуу, өркүндөтүү жана ишке киргизүү;
- статистикалык байкоолорду жүргүзүү үчүн пайдаланылган техника-экономикалык жана социалдык маалыматты классификациялоонун жана коддоштуруунун бирдиктүү системасын иштеп чыгууну, өркүндөтүүнү жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу;
- Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосун түзүү жана жүргүзүү;
- администрациялык маалыматтарды жыйноону уюштуруу жана аны колдонуу маселелеринде мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка юридикалык жактардын аракеттерин теске салуу;
- өз ара маалымат алмашуу үчүн мамлекеттик статистикалык маалымат системасынын мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, эл аралык уюмдардын жана башка өлкөлөрдүн статистикалык кызматтарынын маалымат системалары менен эриш-аркак иштешин камсыз кылуу;
- статистикалык маалыматты иштеп чыгуу боюнча эң жаңы маалымат технологияларын ишке киргизүү;
- статистикалык маалыматты бекем коргоону жана сактоону камсыз кылуу.
III. Улутстаткомдун функциялары
6. Жүктөлгөн милдеттерге жана милдеттерге ылайык Улутстатком төмөнкүдөй иштерди аткарат:
- республикада жана анын региондорунда болуп жаткан экономикалык, социалдык жана демографиялык процесстерге, экологиялык кырдаалга статистикалык байкоолорду жүргүзүүнү уюштуруу жана өткөрүү;
- өлкөнүн аймагында отчеттуулуктун, каттоолордун, бир жолку эсепке алуулардын, сурап-билүүлөрдүн, тандалма, тематикалык жана башка изилдөөлөрдүн негизинде статистикалык маалыматты чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Статистикалык иштердин программасы же Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн айрым чечимдери менен аныкталуучу көлөмдөрдө, формасы боюнча жана мөөнөттөрдө статистикалык маалыматты мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарына берүү;
- статистикалык маалыматты таркатууну камсыз кылууну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Статистикалык иштердин программасына ылайык статистикалык жыйнактарды, басылмаларды, бюллетендерди, баяндамаларды, экспресс-маалыматты ж.б.у.с. чыгаруу, пресс-конференцияларды өткөрүү;
- статистикалык байкоо жүргүзүүлөрдүн статистикалык методологиясын жана отчеттук-статистикалык документациясын, ошондой эле баштапкы эсепке алуу документациясынын типтүү формаларын иштеп чыгуу, бекитүү жана ишке киргизүү;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Статистикалык иштердин программасына ылайык, респонденттерди отчеттук-статистикалык документтер менен камсыз кылуу;
- Статистикалык бирдиктердин жалпы мамлекеттик каттоосун жүргүзүүнү жана чарбалык иштин субъектилерине идентификациялык коддорду ыйгарууну камсыз кылуу;
- статистикалык маалыматты жыйноо жана иштеп чыгуу технологиясынын өнүгүшүн жана өркүндөтүлүшүн камсыз кылуу;
- статистикалык маалыматты топтоо, сактоо, коргоо иштерин камсыз кылуу;
- расмий статистикалык маалыматты түзүү максатында, алгачкы статистикалык маалыматты чогултуу, жалпылоо жана пайдалануу процессинде алардын купуялуулугун сактоо;
- эл аралык статистикалык салыштырууларды ишке ашыруу, эл аралык статистикалык стандарттарды жана принциптерди расмий статистикада кеңири пайдалануу;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык эл аралык уюмдарга статистикалык маалыматты берүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен статистикалык маалыматтарды алмашуу;
- мамлекеттик сырды сактоону камсыз кылуу жана аны тараткандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартуу;
- маалыматтык технологиялар менен техника-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун пайдаланууда бирдиктүү стандарттарды колдонууну, Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык мейкиндигиндеги алардын салыштырмалуулугун жана өз ара байланышуусун камсыз кылуу;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген чектерде, расмий статистикалык маалыматтын, ошондой эле колдонулуп жаткан статистикалык методологиянын жеткиликтүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу;
- Улутстаткомдун компетенциясына тийиштүү маселелерди даярдайт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна сунуш кылуу.
IV. Улутстаткомдун укуктары
7. Алдыга коюлган милдеттерди камсыз кылуу үчүн Улутстатком төмөнкүлөргө укуктуу.
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика жөнүндө мыйзамдарынын колдонулушу жайылтыла турган бардык субъекттери тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон статистика, эсепке алуу жана отчеттуулуктун маселелери боюнча чечимдерди өз компетенциясынын чегинде кабыл алууга;
- бардык респонденттерден, аткаруу бийлигинин борбордук жана жергиликтүү органдарын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын, банктар менен жеке адамдарды кошо алганда, статистикалык байкоо жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга керек болуп жаткан статистикалык маалыматты, бухгалтердик эсептин маалыматтарын жана башка билдирүүлөрдү, анын ичинде Кыргыз Республикасынын тийиштүү кабыл алынган мыйзамдарынын талаптарын сактоо менен алынуучу алуу мүмкүнчүлүгү чектелген маалыматты, ошондой эле аларга тиркелүүчү түшүндүрмөлөрдү Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттө акысыз алууга;
- баштапкы эсепке алуунун жана статистикалык отчеттуулуктун абалын иликтөөгө, респонденттер тарабынан берилген статистикалык маалыматтын, ошондой эле жер-жерлерден алынган статистикалык маалыматтын аныктыгын текшерүүгө;
- статистикалык маалыматтардын бурмаланганы билинген учурда статистикалык отчетко, башка статистикалык формулярларга түзөтүүлөрдү киргизүүнү респонденттерден талап кылууга жана бул талап белгилүү мөөнөттө аткарылбаса, кийин респонденттерге билдирүү менен, зарыл болгон түзөтүүнү өзалдынча киргизүүгө;
- техника-экономикалык жана социалдык маалыматтардын мамлекеттик классификаторлорун иштеп чыгууга белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тийиштүү органдарын тартууга;
- мамлекеттик классификаторлорду иштеп чыгууга жана бекитүүгө;
- эл аралык уюмдар жана башка өлкөлөрдүн статистикалык органдары менен кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө мыйзамына ылайык администрациялык жаза жана айып салууга;
- акы төлөө негизинде статистикалык байкоолорду жүргүзүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө, статистикалык маалыматты туура эмес колдонууга же так эмес чечмелөөгө комментарий берүүгө.
V. Улутстаткомдун ишин уюштуруу
8. Улутстатком өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган ыйгарым укуктардын чектеринде өзалдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
Улутстатком жүзөгө ашырган мамлекеттик статистикалык ишке мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, жарандардын коомдук бирикмелеринин, кызмат адамдарынын жана дагы башка адамдардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
9. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик статистика органдарынын системасына жетекчилик кылуу үчүн Улутстаткомдо коллегиялык орган - коллегия түзүлөт.
10. Улутстаткомдун коллегиясынын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Улутстаткомдун келечектеги жана учурдагы милдеттерин аныктоо;
- статистика тармагындагы мамлекеттик саясатка ылайык, Улутстатком иштеп чыккан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун жана ченемдик-укуктук актыларын карап чыгуу;
- мамлекеттик статистика органдарынын тутумунун түзүмүн бекитүү;
- Улутстаткомдун компетенциясына тиешелүү ченемдик актыларды бекитүү;
- Улутстаткомдун Регламентин, ошондой эле Улутстаткомдун ички жол-жоболорун бекитүү;
- мамлекеттик статистиканын аймактык жана ведомстволук органдарын түзүү жана жоюу;
- Улутстаткомдун коллегиясы Улутстаткомдун ишине тиешелүү башка маселелерди кароого укуктуу.
11. Улутстаткомдун коллегиясынын чечимдери мамлекеттик статистика органдарынын тутумундагы бардык органдары жана кызматкерлери тарабынан аткарылышы милдеттүү болуп саналат.
12. Улутстаткомдун коллегиясы жети кишиден турат. Анын курамына кызматы боюнча Улутстаткомдун төрагасы жана анын орунбасарлары кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан, Улутстаткомдун төрагасынын сунушу боюнча, мамлекеттик статистика органдарынын тутумунун кызматкерлеринин ичинен коллегиянын калган мүчөлөрү дайындалат.
13. Улутстаткомдун коллегиясынын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок бир айда кеминде бир жолу өткөрүлөт.
14. Улутстаткомдун төрагасы, ал жок болгон учурда аны алмаштырган адам Улутстаткомдун коллегиясынын ишин жетектейт жана жыйналышын өткөрөт.
15. Улутстаткомдун төрагасы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат.
Улутстаткомдун төрагасынын үч орунбасары болот, анын ичинен бирөө биринчи, тераганын сунушу боюнча аларды Кыргыз Республикасынын Президенти дайындайт.
Улутстаткомдун төрагасы жок болгон учурда анын милдетин Улутстаткомдун төрагасынын биринчи орунбасары аткарат.
(КР Президентинин 2012-жылдын 21-августундагы ПЖ N 149 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
16. Улутстаткомдун төрагасы:
- Улутстаткомдун ишин уюштурат жана Улутстаткомго жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жекече жоопкерчилик тартат; Улутстаткомдун атынан аракеттенет;
- Кыргыз Республикасында жана чет өлкөлөрдө мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар, мекемелер жана уюмдар менен мамилелерде Улутстаткомдун кызыкчылыгын көздөйт;
- Улутстаткомдун коллегиясынын компетенциясына киргизилген маселелерден тышкары, Улутстаткомдун ишинин бардык маселелери боюнча чечим кабыл алат;
- коллегиянын чечимдерине жана протоколдоруна, ошондой эле Улутстатком түзгөн келишимдерге жана макулдашууларга кол коет;
- өз орунбасарларынын милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт;
- борбордук аппараттын, мамлекеттик статистикага караштуу органдардын жана аймактык органдардын штаттык расписаниесин бекитет;
- мамлекеттик статистикага караштуу ведомстволук органдары жана анын аймактык органдары жөнүндө жоболорду бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик администрациялардын жана өзалдынча башкаруу органдарынын макулдугусуз мамлекеттик статистиканын аймактык органдарынын жетекчилерин жана Улутстаткомдун борбордук аппаратынын кызматкерлерин дайындайт жана бошотот, аталган кызматкерлерге тартип жазасын колдонот жана аларды сыйлайт;
- Улутстаткомдун бардык органдары менен кызматкерлери тарабынан милдеттүү түрдө аткарыла турган приказдарды, буйруктарды чыгарат жана көрсөтмө берет.
17. Мамлекеттик статистиканын органдары республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат.
Статистикалык маалыматты керектөөчүлөргө акы төлөнүп көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдөн түшкөн акчалай каражаттар, эл аралык кызматташтык боюнча келген финансылык каражаттар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан уруксат берилген башка булактардан түшкөн каражаттар мамлекеттик статистика органдарынын өнүгүшү үчүн сарпталат.
18. Зарыл болгон учурда, кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте инвестицияларды тартууга уруксат берилет.