dfgdgfd

Publications: 07.05.2024


Байланыш статистикасы боюнча алгачкы расмий маалыматтар 1937-жылы Улуу Октябрь революциясынын 20 жылдыгына карата басылып чыккан кыскача статистикалык маалымдамада жарыяланган. Анда берилген статистикалык маалыматтарга ылайык, 1935-жылдын 1-январына карата республикада 31 почтамт жана байланыш бөлүмү, 197 почта агенттиги жана 632 почта ящиги эсепке алынган. Почта продукциясын айыл жергесинде таратуу ошол кезде атчан (177 адам) жана жөө (342 адам) кат ташуучулар тарабынан жүргүзүлгөн.

Акыркы он жылдыкта республиканын байланыш тармагында маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын кириши менен шартталган чоң өзгөрүүлөр байкалды. Ошол эле учурда мобилдик байланыш тармагына кошулган абоненттердин санынын өсүү тенденциясы байкалды, ал эми стационардык байланыштын абоненттеринин саны тескерисинче туруктуу түрдө төмөндөдү.

Алсак, 2011-жылы 1000 адамга 89 стационардык телефон жана 903 уюлдук байланыш телефону туура келсе, 2023-жылы стационардык телефондордун саны 1000 адамга 26га чейин азайган, ал эми мобилдик номерлердин саны 1073кө жетип, бул мезгил ичинде 1,2 эсеге көбөйгөн.

Стационардык жана мобилдик телефон тармактарынын абоненттеринин саны*

 * Кыргыз Республикасынын санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматы боюнча

 

2023 - жылы республиканын аймагында 767 телефон станциясы иштеген, анын ичинен 552си - шаар жерлеринде жана 215и-айыл жерлеринде.

Ыкчам маалыматтар боюнча, байланыш кызматтарынын көлөмү 2023-жылы 32 млрд.сомдон ашыкты түзгөн, ал эми мындай кызматтардын үлүшүнө ИДПнын жалпы көлөмүндө 2 пайыз туура келген.

_______________________________________

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

 


Last updating: 07.05.2024, 08:44