Республиканын камсыздандыруу компанияларынын кирешелери 1,3 эсеге көбөйдү

Басылмалардын датасы: 22.04.2024


2023-жылы республиканын финансы секторунда 16 камсыздандыруу компаниясы ишмердигин жүргүзүштү. Алардын кирешелери 2022-жылга салыштырмалуу 1,3 эсеге өстү жана 3,8 млрд. сомду түздү. Мында кирешелердин негизги көлөмү (анын жалпы суммасынын 80%ы) келип түшкөн камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен алынды.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча камсыздандыруу компаниялары тарабынан 419 млн. сомго жакын өлчөмдө сальдолоштурулган пайда алынды, бул 2022-жылга караганда дээрлик 11%га көп.

2023-жылы камсыздандыруу компаниялары тарабынан 515 миңден ашык камсыздандыруу келишими түзүлдү, бул 2022-жылга салыштырганда 1,6 эсеге көп. Мында түзүлгөн келишимдердин жалпы санынын 88%дан ашыгы жеке жактар менен түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Келишимдердин эң көп үлүшү (64,5%ы) ыктыярдуу камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдерге туура келди.

Камсыздандыруунун түрлөрү боюнча түзүлгөн келишимдердин саны
(жалпы санга карата пайыз менен)

Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2022-жылга салыштырмалуу дээрлик 29%га көбөйүп, 2023-жылдын аягына карата 1 760,3 млрд. сомго жетти. Чарба жүргүзүүчү субъекттердин мүлкүн ыктыярдуу камсыздандыруу жана автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жоопкерчилигин камсыздандыруу келишимдери боюнча камсыздандыруу суммасынын эң көп көбөйүшү белгиленди.

2023-жылы камсыздандыруу төгүмдөрүнүн келип түшүүсүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйүп, 3 млрд. сомду түздү.

Камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 2,3 эсеге көбөйүп, 671 млн. сомдон ашты. Жалпы камсыздандыруу төлөмдөрүнүн суммасында 75,6%ы ыктыярдуу мүлктүк камсыздандырууга туура келди.

_____________________________________________________________________________

Финансы статистикасы бөлүмү    |e-mail: m.abdukadirova@stat.kg;       |тел. + 996 (312)   625591

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).


Акыркы жаңылоо: 22.04.2024, 09:32