I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 11.07.2023


Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда ички дүң продуктунун көлөмү алдын ала баалоо боюнча 453 миллиард сомдон ашыкты түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,9 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-июнунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 207 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-июнуна салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (38,5 пайызга), фармацевтикалык продукциялардын (26,4 пайызга),  химиялык продукциялардын (22,0 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктин (19,8 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын,  курулуш материалдарын өндүрүүнүн (16,9 пайызга), тамак-аш (суусундуктарды кошкондо) жана тамекинин (10,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (6,1 пайызга) көлөмдөрүнүн жогорулашынын эсебинен 0,4 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукциясынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 11,2 пайызды, айыл чарбасында 2,5 пайызды, дүң жана чекене соодада 17,8 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 5,1 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктер жана тамекиге баалар 7,7 пайызга, тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга - 3,6 пайызга, азык - түлүк эмес товарларга - 6,4 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү 

кызматтарга тарифтер-5,8 пайызга жогорулады. Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (9,3 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын (12,9 пайызга), алкоголдук ичимдиктердин жана тамекинин (12,8 пайызга), ошондой эле тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6,2 пайызга) баасынын өсүшү менен шартталган.

Кыргыз Республикасынын товарларды тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд.АКШ долларын түздү жана 2022 – жылдын январь-майына салыштырмалуу 27,9 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 21,9 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,2 пайызга көбөйдү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3,0 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10,6 пайызга көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8,3 пайызга кыскарган.

2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (64,4 пайыз) жана Казакстанга (33,2 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
 

Импорт                                                                                                    Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2023 жылдын биринчи жарым жылдыгындагы жана 2022 жылдагы байланыш кызмат көрсөтүүлөрү

2. Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себилген аянттарын эсепке алуунун жыйынтыктары жана 2023-жылы түшүм алуу үчүн айдоо

****

Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.07.2023, 12:11