2023-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча экономиканын көрсөткүчтөрүнүн өсүшү сакталды

Басылмалардын датасы: 11.04.2023


2023-жылдын январь-мартында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 184 миллиардга жакын сомду түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 4,6 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-мартында өнөр жай продукциясынын көлөмү 92,5 миллиард сомду түздү жана 2022-жылдын январь-мартына салыштырмалуу 7,6 пайызга, химиялык продукция (36,4 пайызга), фармацевтикалык продукция (19,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык иште (16,2 пайызга), негизги металлдар (13,6 пайызга), резина пластмасса буюмдары жана курулуш материалдары (10,7 пайызга), , тамак-аш азыктары (суусундуктарды кошкондо) жана тамекиге (тамеки 3,1 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казууда (21,4 пайызга) көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 2,4 пайызды, айыл чарбасында - 1,9 пайызды, дүң жана чекене соодада - 11,8 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү жалпысынан республика боюнча 3,2 пайызды түздү. Мында тамак - аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 3,6 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга -2,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге-4,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер-2,6 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында (өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу)  керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (6,1 пайыз) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга баалардын (5,9 пайызга)  эң көп жогорулашы менен шартталган.

2023-жылдын январь-февралында Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 1,7 млрд. АКШ долларын түздү жана 2022–жылдын январь-февралына салыштырмалуу 22,7 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 2,2 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 27,2 пайызга көбөйдү.

2023-жылдын январь-февралында ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 545,3 млн.АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 11,0 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 14,3 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук келип түшүүлөр, тескерисинче, 18,6 пайызга кыскарды.

2023-жылдын январь-февралында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (61,6 пайыз) жана Казакстанга (35,5 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                   Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2022-жылы Кыргыз Республикасына тике чет өлкөлүк инвестициялардын келип түшүүсү

2. 2023-жылдын I кварталында аралыгындагы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүүсү тууралуу

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download

 

 

 

 

 

Акыркы жаңылоо: 11.04.2023, 11:08