2023-жылдын январь айынын жыйынтыгы боюнча экономика тармактарынын өсүшү белгиленди

Басылмалардын датасы: 10.02.2023


2023-жылдын январында ички дүң продукт алдын ала баалоо боюнча 48 миллиарддан ашык сомду түздү жана 2022-жылдын январына салыштырмалуу 4,8 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январында өнөр жай продукциясынын көлөмү 27 миллиард сомго жакындады

жана 2022-жылдын январына салыштырмалуу текстиль өндүрүшүндө, кийим-кече жана бут кийим, тери жана булгаары буюмдарын өндүрүүдө (32,1 пайызга), фармацевтикалык продукция (14,8 пайызга), тамак-аш азыктары жана тамекиге (9,7 пайызга), негизги металлдар (5,1 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдары, полиграфиялык ишмердикте (3,4 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казып алууда (26,0 пайызга) чыгаруунун өсүшүнүн эсебинен 7,5 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдөрдүн көбөйүшү 0,8 пайызды, айыл чарбасында – 1,7 пайызды, дүң жана чекене соодада - 11,7 пайызды түздү.

2023-жылдын январында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтердин өсүшү 1,5 пайызды түздү. Мында тамак - аш продуктулары жана алкоголсуз суусундуктар - 1,8 пайызга, азык - түлүк эмес товарлар - 1,6 пайызга, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки -1,7 пайызга, калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтер -0,6 пайызга жогорулагандыгы белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь айында мурунку айга салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтердин жогорулашы республиканын бардык региондорунда белгиленди. Мында алардын максималдуу өсүшү (3,4 пайыз) Нарын облусунда катталды, бул башка региондорго салыштырмалуу азык-түлүк эмес товарлардын (4,0 пайызга), тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар (3,7 пайызга) баалардын жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтарга тарифтердин (3,2 пайызга) жогорулашы менен шартталган.

2022-жылдын январь-декабрында Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 11,8 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 41,8 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 20,5 пайызга азайды, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче, 1,7 эсеге көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2022-жылдын январь-декабрында 4,5 млрд АКШ долларын түздү жана 2021-жылдын январь-декабрына салыштырмалуу 32,3 пайызга өстү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 1,8 эсеге, импорттук келип түшүүлөр 17,4 пайызга көбөйдү.

2022-жылдын январь-декабрында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (71,4 пайыз) жана Казакстанга (26,2 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасы
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар:

1. Внешняя и взаимная торговля Кыргызской Республики за январь-сентябрь 2022 года (предварительные итоги 9 месяцев)

2. 2023 – жылдын башына карата мал жана үй канаттууларына санак жүргүзүүнүн жыйынтыгы

3. 2018-2022-жылдардагы Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү негизги тенденциялар тууралуу

 

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел. 625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 13.02.2023, 11:18