Январь-август айларынын жыйынтыгы менен ИДПнын өсүү темпи 3,3 пайызды түздү

Басылмалардын датасы: 11.09.2023


Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында ички дүң продукттун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 677,2 миллиард сомду түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,3 пайызга көбөйдү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-август айларында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 289 миллиард сомго жакындап, фармацевтикалык продукцияларды өндүрүүдөгү (66,0 пайызга), текстиль өндүрүшүндөгү, кийим-кече жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (44,0 пайызга), химиялык продукцияларды (40,4 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктеги (21,7 пайызга), резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын (17,4 пайызга), тазаланган мунайзат продуктуларын өндүрүүдөгү (3,8 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуудагы (5,4 пайызга) көлөмдүн өсүшүнүн эсебинен 2022-жылдын аяварь-август айларына салыштырмалуу 0,3 пайызга көбөйдү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тийиштүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 11,3 пайызды, дүң жана чекене соодада 15,5 пайызды түздү, ошол эле убакта айыл чарбасында тескерисинче алардын 1,5 пайызга төмөндөшү белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары – 9,5 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар – 8,2 пайызга, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар – 3,0 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтери 6,2 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу жогорулашы (11,8 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын (17,3 пайызга), азык-түлүк эмес товарлардын (15,4 пайызга), тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын (7,9 пайызга), ошондой эле калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын тарифтеринин (13,6 пайызга) башка региондорго салыштырмалуу эң көп кымбатташы менен шартталды.  

Кыргыз Республикасынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 8,2 млрд. АКШ долларын жакын түзүп, 2022-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 32,3 пайызга өстү, мында экспорттук жөнөтүүлөр 45,6 пайызга, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,4 пайызга көбөйдү.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-июль айларында 2,3 млрд. АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-июль айларына салыштырмалуу 8,5 пайызга төмөндөгөн. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 0,4 пайызга көбөйгөн, ал эми импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 11,9 пайызга азайган.

2023-жылдын январь-июль айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,4 пайыз) жана Казакстанга (32,2 пайыз) туура келди.

 

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
 

Импорт                                                                                                  Экспорт

 

Презентациялар:

1. 2022-жылдагы Кыргыз Республикасынын демографиялык кырдаалы

2. «Кыргыз Республикасынын эмгек рыногунун 2022 –жылдагы абалы»

3. Рынок услуг Кыргызской Республики

****

Республиканын маанилүү мамлекеттик маалыматтык тутуму болуп саналган Кыргыз Республикасынын улуттук маалыматтык-статистикалык тутуму рынок экономикасынын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндөгү керектүү маалыматтар менен камсыздайт. Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме берүүгө милдеттүү (“Расмий статистика жөнүндө” Мыйзамдын 30-беренеси).

Интервью уюштуруу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун пресс-кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747, e-mail: smi_nsc@stat.kg. Дареги: Фрунзе көчөсү, 374 (Т. Молдо көчөсү менен кесилишет).

 

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

 

 

 

 


Акыркы жаңылоо: 11.09.2023, 11:52