Экономиканын негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү сакталууда

Басылмалардын датасы: 10.06.2023


Үстубүздөгү жылдын январь-май айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 355 миллиард сомго жакындап, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 3,4 пайызга көбөйдү.   

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-майында өнөр жай продукцияларынын көлөмү 165 миллиардов сомдон ашты жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 1,2 пайызга көбөйдү, бул текстиль өндүрүшүндөгү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (29,2 пайызга), фармацевтикалык (25,7 пайызга) жана химиялык продукцияларды (21,8 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүдөгү, полиграфиялык ишмердиктеги (19,3 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (15,3 пайызга), тамак-аш азыктарын (анын ичинде суусундуктарды) жана тамеки азыктарын өндүрүүдөгү (8,2 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуудагы (6,6 пайызга) көлөмдүн жогорулашынын эсебинен камсыздалды.  

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн көбөйүшү 4,6 пайызды, айыл чарбасында 2,4 пайызды, дүң жана чекене соодада 15,4 пайызды түздү.

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырганда) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 4,3 пайызды түздү. Мында баалар алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки азыктарына 6,5 пайызга, тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга 3,2 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга 4,9 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызматтардын тарифтери 5,2 пайызга жогорулады.   

Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырганда) керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (8,2 пайызга) Нарын облусунда катталды, бул тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын (6,5 пайызга) бааларынын башка региондорго салыштырмалуу жогорулашы менен шартталды.

Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-апрель айларында 3,9 млрд. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-апрелине салыштырмалуу 25,5 пайызга көбөйдү, мында экспорттук жеткирүүлөр 18,9 пайызга, ал эми импорттук түшүүлөр 26,8 пайызга көбөйгөн.

2023-жылдын январь-апрель айларындагы ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара сооданын көлөмү 1,1 млрд. АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 7,6 пайызга төмөндөдү. Мында экспорттук жеткирүүлөр 9,0 пайызга көбөйдү, ошол эле убакта импорттук түшүүлөр тескерисинче 12,9 пайызга азайган.

2023-жылдын январь-апрель айларындагы республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын эң көп үлүшү Россияга (62,3 пайыз) жана Казакстанга (35,1 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Импорт                                                                                                Экспорт

 

ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАР:

1. Обновление показателей ВВП по СНС 2008

2. Социальное обеспечение населения в Кыргызской Республике

3. Среднемесячная номинальная заработная плата Кыргызской Республике в 2022 году и в январе –апреле 2023года

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

 


Акыркы жаңылоо: 13.06.2023, 08:53