Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында республикада экономиканын өсүүсү камсыздалды

Басылмалардын датасы: 11.10.2023


Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ички дүң продуктунун көлөмү алдын-ала баалоо боюнча 808 миллиард сомду түзүп, 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 4,2 пайызга өстү.

Ички дүң продукт
(мурунку жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

2023-жылдын январь-сентябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 331 миллиард сомдон ашып, фармацевтикалык продукцияларды (70,6 пайызга), резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш материалдарын (49,4 пайызга), химиялык продукцияларды өндүрүүнүн (34,9 пайызга), текстиль өндүрүшү, кийим жана бут кийим, булгаары жана булгаары буюмдарын (33,7 пайызга), жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүүнүн, полиграфия ишмердигинин (22,9 пайызга) тазаланган мунайзат продуктуларын (4,7 пайызга), тамак-аш азыктарын (суусундуктарды кошкондо) жана тамеки азыктарын өндүрүүнүн (2,0 пайызга), ошондой эле пайдалуу кендерди казуунун (3,8 пайызга) көлөмүнүн өсүшүнүн эсебинен 2022-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 0,7 пайызга өстү.

Өнөр жай продукцияларынын көлөмү
(өткөн жылдын тиешелүү мезгилине карата пайыз менен)

Курулушта оң тенденциялар байкалды, мында көлөмдүн өсүшү 13,7 пайызды, дүң жана чекене соодада 18,9 пайызды түздү.

Быйылкы жылдын январь-сентябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырганда) жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,7 пайызды түздү. Мында алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын баалары 10,3 пайызга, азык-түлүк эмес товарлардын баалары 9,3 пайызга, тамак-аш азыктарынын жана алкоголсуз суусундуктардын баалары 2,7 пайызга, ал эми калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 6,8 пайызга жогорулады.

Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында (мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу) керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү республиканын бардык региондорунда байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү (11,1 пайызга) Нарын облусунда катталган, бул алкоголдук ичимдиктердин жана тамеки азыктарынын бааларынын башка региондорго салыштырмалуу эң көп өсүшү (17,8 пайызга) менен шартталды. Талас облусунда азык-түлүк товарларынын жана алкоголсуз суусундуктардын бааларынын 6,2 пайызга өсүшү белгиленди. Азык-түлүк эмес товарлардын баалары (18,2 пайызга) жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери (14,4 пайызга) эң көп өсүшү Ош шаарында катталды.

Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-август айларында 9,4 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 27,3 пайызга көбөйдү, ал эми экспорттук берүүлөр 46,7 пайызга, импорттук түшүүлөр 23,3 пайызга өстү.

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү 2,7 миллиард АКШ долларын түзүп, 2022-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу 10,1 пайызга азайды. Мында экспорттук жеткирүүлөр 0,7 пайызга көбөйдү, ал эми импорттук түшүүлөр тескерисинче 14,1 пайызга төмөндөдү.

2023-жылдын январь-август айларында республиканын ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (65,6 пайыз) жана Казакстанга (32,1 пайыз) туура келди.

Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасы
 

  Импорт                                                                                                    Экспорт

Презентациялар:

1. 2023-жылдын 9 ай аралыгындагы керектөө бааларынын жана тарифтеринин өзгөрүүсү тууралуу

2. 2023-ЖЫЛДЫН ЯНВАРЬ-СЕНТЯБРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙЫНЫН АБАЛЫ (ЫКЧАМ МААЛЫМАТ)

3. 2022-жылдагы чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин жана чет өлкөлүк инвестициялары бар ишканалардын ишмердиги

****

Республиканын эң маанилүү мамлекеттик маалыматтык системасы болуп саналган Кыргыз Рекспубликасынын Улуттук маалыматтык-статистикалык системасы рыноктук экономиканын заманбап талаптарына жооп берет, мамлекеттик бийлик органдарын жана коомчулукту республиканын социалдык, экономикалык, демографиялык жана экологиялык абалы жөнүндө керектүү маалымат менен камсыз кылат. 

Пайдалануучулар расмий статистиканын маалыматтарын жана тиешелүү метамаалыматтарды пайдаланууда алардын булагына шилтеме көрсөтүүгө милдеттүү ("Расмий статистика жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 30-беренеси).

Маектешүүнү уюштуруу маселелери боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн  кайрылыңыздар:

Кыргыз Республикасынын Улутстаткомунун басма сөз кызматы, тел.: + 996 (312) 625 747 e-mail: smi_nsc@stat.kg Дареги: Фрунзе  көчөсү 374 (Т.Молдо көч. кесилиши).

Биз жеткиликтүүбүз:

www.stat.kg|

Facebook

тел.625747

Google play

apple_download


Акыркы жаңылоо: 17.10.2023, 17:20