Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергеновдун Нооруз майрамы менен куттуктоосу

Дата публикации: 21.03.2023


Жалпыңыздарды жазгы баар менен кошо келген, күн менен түн теңелген табият кубулушун камтыган Нооруз майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Биз бири-бирибизге жакшылык каалоо менен, дилибизди тазартып, күрдөөлдүү эмгегибиз, биримдигибиз, ынтымак-ашкерлигибиз менен алга карай барсак, ишибиз илгерилейт деп ишенем.
Ата-бабаларыбыздан калган ыйык майрам элибизге тынчтыкты, бейкуттукту, токчулукту, молчулукту, өлкөбүз үчүн жаңы жетишкендиктерди алып келсин.
Жаңырган жыл жергебизге кут, береке, үй-бүлѳңүздѳргѳ бакыт-таалай, бекем ден соолук алып келсин, маанайыңыздар жарык, демиңиздер сак, ишиңиздер ийгиликтүү болсун.
 

Урматтоо менен,

Б. Ж. Кудайбергенов


Последнее обновление: 22.03.2023, 08:46