Улуттук статистика комитетинде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү

Дата публикации: 06.03.2024


Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинде Мамлекеттик туу жана Ак калпак күндөрүнө арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Улутстаткомдун төрагасынын орун басары З.К. Жумалиев аземди ачып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун жана кыргыз элинин улуттук баш кийими Ак калпактын жаралуу тарыхы тууралуу сөз сүйлөп, ар бир кыргыз жаранын Мамлекеттик тууну жана Ак калпакты аздектөөгө чакырды.

Иш-чарада Улутстаткомдун кызматкерлери Мамлекеттик туу, анын сыпатталышы жана ар карлуу Ала-Тоону элестеткен Ак калпак тууралуу чыгармаларды аткарышты. Иш-чара Мекен, эл-жерди сүйүүгө арналган көркөм окуулар, монолог жана обондуу ырлар менен коштолду.


Последнее обновление: 07.03.2024, 09:19