Улуттук статистика комитетинде Нооруз майрамына карата иш-чара өткөрүлдү

Дата публикации: 20.03.2024


«Сиздерди жазгы баар менен кошо келген, күн менен түн теңелген табият кубулушун камтыган Нооруз майрамыңыздар менен куттуктайм!
Быйылкы жыл молчулуктун, берекенин нуру төгүлгөн жыл болот деген үмүттөбүз. Байыртадан бери эле Нооруз майрамынын күндөрүндө таарынычтар унутулуп, чырдашып калган кошуналар жарашып, ал тургай согуштар да токтолуп келген. Биз бири-бирибизге жакшылык каалоо менен, дилибизди тазартып, күжүрмөн эмгегибиз, биримдигибиз, ынтымак-ырашкерлигибиз менен алга карап,  ишибиз илгерилесин. Нооруз сиздердин үй-бүлөңүздөргө бейпилдик алып келсин, маанайыңыздар жарык, демиңиздер сак, ишиңиздер ийгиликтүү болсун. Элибизге бак-дөөлөт, жерибизге береке берсин! Айдан аман, жылдан эсен бололу», - деп төрага Бактыбек Кудайбергенов Улутстаткомдун майрамдык иш-чарасында куттуктады.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө» Жарлыгынын жана Улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө, улуттук программасынын алкагында , 21- март Нооруз майрамына карата арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.


Последнее обновление: 20.03.2024, 17:26