Тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмүнүн өсүүсү белгиленди

Publications: 02.03.2016


2015-жылдагы тике чет өлкөлүк инвестициялардын келүү агымы 2014-жылга салыштырмаганда 12,6 пайызга көбөйүп,  819 млн. АКШ долларын түздү.

Тике чет өлкөлүк инвестициялардын негизги көлөмү (89,1 пайызы) геологиялык чалгындоолорго, иштетүү өндүрүш ишканаларына, курулушка,  электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоого (жабдуу), ошондой эле финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына багытталды. Муну менен бирге геологиялык чалгындоого 14,6 пайызга, курулушка – 5,1 эсеге, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу) ишканаларына – 2 эсеге, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу ишканаларына – 2,8 пайызга багытталган инвестициялардын көлөмү көбөйдү, иштетүү өндүрүш ишканаларында тескерисинче 27,2 пайызга төмөндөдү.

2015-жылдагы КМШдан тышкаркы өлкөлөрдөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-жылга салыштырмалуу 0,3 пайызга төмөндөдү, ошону менен бирге алар Кытайда 2 эсе, Канадада – 1,4 эсе кыскарды. Муну менен катар  Улуу Британиядан жана Түркиядан (3,6 эсе) жана Кошмо Штаттардан (1,2 эсе) келген түшүүлөрдүн олуттуу өсүүсү байкалды.

КМШ өлкөлөрүнөн келген тике чет өлкөлүк инвестициялардын түшүү көлөмү 2014-жылга салыштырганда 2 эсе, муну менен бирге Россиядан келген түшүүлөрдүн көлөмү – 2 эсе көбөйдү, ал эми Казакстандан келген түшүүлөрдүн көлөмү тескерисинче, 15,8 эсе кыскарды.

 

 

 

 

 

 

 

____________________________________________________________________

Реалдуу сектор статистикасы башкармалыгынын  |e-mail:birukova@stat.kg;|тел. + 996 (312) 324642
инвестиция статистикасы бөлүмү

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланууда, учурда маалыматтык тармактарда,кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчөлөрдө таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (Мамлекеттик статистика жөнүндө Мыйзамдын 17-беренеси).

 


Last updating: 02.03.2016, 17:00