Республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер ишке ашырды.

Publications: 26.02.2016


2016-жылдын 1-январына карата республиканын аймактарында туризм чөйрөсү менен байланышкан экономикалык ишмердикти ишке ашырган 100 миңден ашык чарба жүргүзүүчү субъекттер (юридикалык жана жеке жактар) катталды.

Жеке жактардын 88 миңден көбү же катталган чарба жүргүзүүчү субъекттердин жалпы санынын 88 пайызы жеке ишкердик менен иштешет. 

2015 жылы туризм чөйрөсүндө түзүлгөн кошумча дүң нарк алдын-ала баалоо боюнча 19 млрд. сомго жакынды  же ИДПга карата 4,4 пайызды (2014-ж. - 4,3 пайыз) түздү.

_____________________________________________________________________________________

Соода статистикасы башкармалыгы     e-mail: vmambetalieva@stat.kg        тел.: +996 (312) 32 46 50

 

 

 

Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдү таратканда, пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү (Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик статистика жөнүндө» Мыйзамынын 17-беренеси).

 

 

Басылмалардын датасы: 22.02.2016ж.


Last updating: 26.02.2016, 09:52