Экономиканын энергия сыйымдуулугу жана электр кубаттулугу

Publications: 27.01.2020


 

Улуттук экономиканын энергетикалык натыйжалуулугун аныктоочу эң маанилүү параметрлердин бири калктын адам башына энергияны керектөө жана ички дүң продуктунун энергиялык сыйымдуулугу болуп саналат. 

ИДПнын энергия сыйымдуулугу - бул ИДПнын көлөмүнө карата жалпы энергия керектөөсүнүн катышы. 

2018-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын  энергия сыйымдуулугу 25,5 тонна шарттуу отунду түздү жана 2014-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 0,6 тоннага шарттуу отун төмөндөдү.  2018-жылы калктын киши башына энергиянын сарпталышы бир млн. сомго 2,4  тонна шарттуу отунду түздү  жана бир млн. сомго 0,5 тонна шарттуу отунга өстү. 

Экономиканын энергия сарптоосунун өсүү (төмөндөө) деңгээлин жана темпин мүнөздөө үчүн маалыматтар учурдагы базар баасында, маалыматтарды салыштыруу үчүн 2010-ж. кабыл алынган базалык жылдын бааларында дагы түзүлдү.

Энергия сарптоонун ИДПга өзгөрүлүшү

 

  2018-жылы учурдагы рыноктук бааларда ИДПнын электр кубаттуулугу бир млн. сомго 26,3 миң киловатт-саат туура келген жана 2014-жылга салыштырмалуу бир млн. сомго 10,6 миѕ киловатт-саатка төмөндөдү.

ИДПнын электр кубаттулугунун өзгөрүшү

 

 

 

Экономикалык статистика жана улуттук эсептер башкармалыгы  e-mail: eisenkulova@stat.kg;

тел. + 996 (312) 324695; 325351

 Статистикалык маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарында жана илимий эмгектерде пайдаланган учурда маалымат тармактарына, кагазда, магниттик жана башка алып жүрүүчүлөрдө таратканда пайдалануучулар алардын булагын көрсөтүүгө милдеттүү. (“Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамдын 17-беренеси).


Last updating: 27.01.2020, 15:46